IV Билим берүү фестивалынын демөөрчүлөрү

April 13, 2016, 06:00




IV Билим берүү фестивалы башталганга чейин эки жумадан аз убакыт калды!

 

Сиздерге IV Билим берүү фестивалынын демөөрчүлөрүн зор кубаныч жана ыраазычылык менен тааныштырабыз.




Башкы демөөрчү - Кристенсен Фонду:


Кристенсен Фонду жеке эл аралык кайрымдуулук фонду болуп саналат. Ал 1957-жылы Калифорнияда (АКШ) негизделген.


Фонддун максаты:

Фонд өзгөрүүлөрдүн жана айкын эместиктин алдында турган дүйнөнүн өнүгүшүнүн жана байышынын туруктуулугун колдоо үчүн биздин жерде биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктүн кудурети жана зор потенциалы бар деп ишенет.

Фонддун күч-аракеттери «биологиялык-маданий» ар түрдүүлүккө – адамдардын жана чөлкөмдүн, маданияттын жана экологиянын татаал жана бекемжуурулушуусун билдирген чөйрөгө багытталган. Кристенсен Фонду биологиялык жактан ар түрдүү жана көркөмдүгү көздүн жоосун алган дүйнөгө ишенген, жашоонун кооз, бай жана туруктуу адаттарын жана ландшафттарды сактоого умтулган адамдардын жана уюмдардын күч-аракеттерин колдойт.


КРдагы өкүлчүлүк:

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 129/1

www.christensenfund.org

Тел: +996(312)433034


 

Демөөрчү –Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюму (АКДН)


Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюму (АКДН) – бул курчап турган чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, архитектура, маданият, микрофинансылоо, айылды өнүктүрүү, жаратылыш кырсыктарына даярдыкты жогорулатуу, бизнести өнүктүрүү жана тарыхый шаарларды кайрадан калыбына келтирүү жагынан иш жүргүзгөн агенттиктердин тобу. АКДН агенттиги өз ишин кайсы динди тутканына, тегине жана жынысына карабастан жүзөгө ашырат.


2001-жылдан тартып АКДН экономикалык жактан жигердүү, саясий жактан туруктуу, интеллектуалдуу жана маданий жактан динамикалуу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам берген институттарды жана программаларды колдойт. АКДНдын Кыргыз Республикасы менен кызматташтык жөнүндө Макулдашуусуна негизделген программалары финансылык мекемелерден, анын ичинде өлкөнүн экономикалык инфраструктурасын түзүүгө жардам берген Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банктан жана Биринчи Микро Кредиттик компаниядан тартып билим берүүчү жана маданий чөйрөлөрдөгү программаларга, анын ичинде Ош шаарындагы Ага Хан мектебине жана Борбордук Азиядагы университетке жана «салттарды алып жүрүүчүлөрдү», кыргыз обондорун жана оозеки чыгармачылыкты колдоонун Ага Хан Музыкалык демилгесине чейин өзгөрүп турат. АКДНдын айыл жерин комплекстүү өнүктүрүү боюнча программалары турмушка ашыруу боюнча өнөктөр, Тоолордогу жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо программасы аркылуу Ага Хан Фонду тарабынан ишке ашырылат. 


Ага Хандын Өнүктүрүүбоюнча уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү:

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 80, 720053

+996 (312) 69 60 31 (тел)

+996 (312) 69 60 29 (факс)

akdn.kyrgyzstan@akdn.org

www.akdn.org




Демөөрчү- «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК


«Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» (же KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлүп, Республикада эң ири коммерциялык банк болуп калды.


KICB акционерлери – белгилүү эл аралык институттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектри. Банктын КСО саясатына ылайык, ден соолукту коргоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, билим берүү жана экология жөнүндө камкордук көрүү артыкчылыктар болуп саналат.


«Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк»ЖАКтын дареги:

Бишкек шаары, Чүйпр. 147

+996(312) 620101

http://www.kicb.net/