Роза Отунбаева: «Каратегинден кат» фильми дүйнөлүк деңгээлде тартылган жана адамдардын жашоосунун энциклопедиясы болуп саналат

April 12, 2016, 06:00

«Каратегинден кат» жогорку деңгээлде тартылган, фильмдин профессионализми жана сапаты батыш өлкөлөрүндө тартылган фильмдергеокшош. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевафильм көрсөтүлгөндөн кийин бул тууралуу"Озодагонго" айтты.

 

«Бул фильм Кыргызстандын деңгээлинде гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде тартылды. Бул фильм дүйнөлүк деңгээлде баалана турган мыкты келечеги бар экендиги айкын. Өзгөчө эмгек фильмдин авторуна таандык, ал керектүү стилди жана жагдайды тандаган. Мындай фильмдер бизде кыйла сейрек көрүнүш. Ушул «Каратегинден кат» фильмин энциклопедия деп эсептөөгө болот, анткени анда кыргыз элинин бүткүл турмуш-тиричилиги жана жашоо шарттары так жана айкын көрсөтүлгөн», – деп айтты ал.

 

«Биз эки жыл мурда жергеталдык кыргыздардын фотосүрөттөрүн гана көргөнбүз, бүгүн болсо, ушул толук метраждууфильмди түзүүчүлөрдүн күч-аракеттеринин аркасында биз Тажикстанда жашаган элибиздин өзгөчөлүү турмушу жөнүндө алда канча кең-кесири билдик. Сиздердин көңүлүңүздөрдү бир нерсеге бургум келет, эгерде сиздер байкасаңыздар «этностук кыргыз» деген сөз бизде жок болуп баратат, дал ушундай болууга тийиш, анткени биз бардыгыбыз бир бүтүн кыргыз элибиз. Бул фильмдеги бир учур менин эсимде өзгөчө калды, бир кыргыз кыздан сенин сүйлөшкөн жигитиңдин улуту кайсы деп сураганда ал – тажик деп жооп берет. Кала берсе элибиздин тарыхында да улуу баатырыбыз Хан Манастын аялы тажик болгон жана бул биздин өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү фактор», –деп жыйынтыктады Отунбаева.

 

Фильмдин авторлору алдын ала маалыматтар боюнча 2016-жылдын жайына же күзүнө белгиленген фестивалды өткөргөндөн кийин социалдык тармактарды пайдалануучуларYouTubeвидеохостингинде фильм менен тааныша алат деп белгилеп жатышат.

 

«Бирок эгерде каалагандар болсо, биз жекече көрсөтүүнү уюштура алабыз», - деп айтты фильмдин монтажеру Франсуа Шкуле.

 

«Бул фильм Тажикстанда жашаган кыргыздардын өзгөчөлүү турмушу менен тааныштыруу үчүн тартылды. Биз тигил же бул өлкөдө жашаган улуттук азчылыктар өз муратына жетиши жана өздөрүн эркин сезиши үчүн алар жөнүндө айтууга тийишпиз», - деп түшүндүрдү фильмдин продюсериЖанылЖусупжанова.

 

Ал ошондой эле фильмди тартуунун 3 жыл мезгилинин ичинде Тажикстандын бийликтери эч кандай тоскоолдук болгон жок белгиледи. «Бардыгы мыйзамдуу деңгээлде өттү», - деп жыйынтыктады ал.

 

Иш-чарага ошондой эле Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси ОлимРахимов катышты, ал фильмге жогору баа берди жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук мамилелерди түзүүгө ушундай зор салым кошкондугу үчүн авторлорго ыраазычылык билдирди.

 

«Фильм кыйла кызыктуу, мен аны башынан тартып аягына чейин канааттануу менен көрдүм. Атап айтканда, мага фильмдин аягында жаш кыз тажик жигитти сүйүп калдым деп айтканы жакты. Бул улуу Манастын тарыхында айтылгандын эле өзү, анын аялы (Каныкей) тажик болгон. Фильм кыйла ар түрдүү сезимдерди пайда кылат, тилекке каршы, Жерге-Талдагы кыргыздар да биз менен бирге жарандык согушту башынан өткөрдү. Ал кезде ЖМКлар азыркыдай өнүккөн эмес, бирок азыр Сирияда болуп жаткан нерселер Тажикстанда да болгон. Бул – экстремизм, бул – терроризм, бул – жалданма жан кечтилер, алар өлкөдө жарандык согушту баштаган. Бул окуялар ушул фильмдесүрөттөлгөнү абдан жакшы болуптур. Жергеталдык кыргыздар үчүн окуу китептери жагынан биз фильмден көргөн көйгөйлөр Кыргызстанда жашаган тажиктерде да кездешет. Кыргызстандын аймагында 60%дан ашык тажиктер жашайт жана ушундай түрдөгү көйгөйлөр кездешкен учурлар аз эмес», - деп айтты Рахимов.

 

Элчинин айтымы боюнча, соңку жылдары эки өлкөнүн ортосунда коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө көп сандаган макулдашууларга кол коюлду.

 

«Май айында урматтуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Тажикстанга барат жана ал визиттин жүрүшүндө ушул маселелер да каралат деген үмүтүм бар. Албетте, мамлекеттик чек аралар жагынан көйгөйлөр да бар. Жакынкы күндөрдө Роза Исаковна «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда чек аралар жагындагы көйгөйлөрдү аныктады. Чек ара жагындагы маселелерди жөнгө салуу үчүн бүгүн Тажикстанга жумушчу комиссиядан 15 киши кетти жана урматтуу президент Алмазбек Атамбаев Тажикстанга барганда ушул маселелер боюнча макулдашууга кол коюлат деп үмүттөнүп жатабыз»,- деп белгиледи ал.

 

«Биздин бөлүшө албай жаткан нерсебиз жок, коңшуну тандабайт, коңшулар менен ынтымактуу жашоого жана ар кандай багыттар боюнча кызматташууга тийиш», - деп жыйынтыктады элчи.

 

Эске сала кетели, ишембиде, 9-апрелде, Ч.Айтаматов атындагы кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар жөнүндө биринчи "Каратегинден кат" документалдык толук метраждууфильминин бет ачары болуп өттү.

 

ОЗОДАГОН

Фото: АКИпресс-культура