Кыргыз Республикасынын региондорунан келген билим берүү системасынын өкүлдөрү Индияда таанышуу сапары менен жүрөт

April 12, 2016, 06:00

Региондордон келген билим берүү системасынын өкүлдөрү Индиянын билим берүү системасы менен таанышууда. Бул жөнүндө ушул делегациянын жетекчиси, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору ДогдургульКендирбаева билдирди.

 

Сапардын максаты – билим берүү системасында маалыматтык технологияларды киргизүү жана колдонуу тажрыйбасын изилдөө.

 

Сапардын эң башталышында Кыргызстандын Индиядагыэлчилигиндежолугушуу болуп өттү, ал жерде КРнын Индиядагы элчиси С.Адамкулова билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн сапарынын программасы менен тааныштырды.

 

Алсак, өткөн жумада делегация Индиянын маалыматтык технологиялар институтунда болду. Бул жерде алар кадрларды даярдоо тажрыйбасы менен таанышты, билим берүү стандарттары, институттун технологиялык инфраструктурасы, мамлекеттик заказдар жана башкалар жөнүндө кең-кесири маалымат алды.

 

Кийин Индиянын Маалыматтык технология департаментинин жана Коммуникация жана маалыматтык технология министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Жолугушуунун учурунда кыргыз тарап Индиядагы маалыматтык технология саясаты жөнүндө маалымат менен таанышты, ошондой эле мамлекеттик программалар жөнүндө жана алардын турмушка ашырылышы, аларды финансылоо жөнүндө кең-кесири маектешүү болуп өттү.

 

Сапардын үчүнчү күнүн делегация Эл аралык медициналык ICM мектебинин электрондук сабактарды – Э-сабакты даярдоо жана пайдалануу боюнча адистеринин тажрыйбасы менен таанышууга арнады.

 

Ушул эле күнү кыргыз делегациясы эл аралык маалыматтык технологиялар боюнча мугалимдердин, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча APTEC борборунда болду. Бул жеде делегациянын мүчөлөрү бул чөйрөдө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени талкуулады.

 

8-апрелде делегация ДелиденДжайпурга келди. Бул жерде делегация Раджистан шатынын билим берүү министри менен жолугушту. Жолугушуунун учурунда билим берүүдө маалыматтык технологияларды колдонуу, финансылоо, жабдуу жана кадрларды даярдоо жана алардын кесиптик квалификациясын өркүндөтүү саясатынын маселелери талкууланды. Ошондой эле окуу-методикалык комплекстерди даярдоо стандарттары жөнүндө пикир алмашуу болуп өттү.

 

Ушул эле күнү Маалыматтык технология колледжинде, Аялдар маалыматтык технология колледжинде, мектепте жана билим берүүчү үч мекемеде практикалык жолугушуулар өттү, андан соң Раджистануниверситетинининфонет департаменти менен жолугушуу болду.

 

Бүгүн, 11-апрелде, кыргыз делегациясы Дели шаарынан алыс эмес жердеги Ланжерс эл аралык жеке мектепте болду. Бул жерде аларга электрондук китепкана, электрондук класстар жана электрондук окуу китептери менен иштөө жөнүндө кең-кесири маалымат беришти. Түштөн кийин делегациянын Адамды өнүктүрүү боюнча министрликтин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Делегациянын мүчөлөрү бир катар маанилүүжолугушууларды уюштурууда Кыргыз Республикасынын Индиядагыэлчилиги тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жана жардамды өзгөчө баса белгилейт.

 

Кыргыз делегациясынын Индияга сапары 2016-жылдын 13-апрелине чейин созулаарын белгилеп кетели.