«Каратегинден кат» - айыл тууралуу баян

April 11, 2016, 06:00

Бишкектеги Кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал кыргыздары тууралуу тартылган "Каратегинден кат" документалдуу жаңы кинотасмасынын бет ачаары болуп өттү. Бул тасмада автор жеке өзүнүн көрүүсүн баяндоо аркылуу мекенин жоготуу сезимин, ошол эле учурда тарыхый жана азыркы катаклизмдин фонунда адамдар боорукердик, кайрымдуулук, мээрим сыяктуу сапаттарын жоготпойт деген түбөлүк үмүттү сезип турганы айтылат. Тасманы журналист, фотограф жана документалист Жаңыл Жусупжан тарткан.