«Устат-3»долбоорунун шакирттери «Милициянын жаш досу» республикалык кароо-конкурсунун көрүүчүлөрү жана күйөрмандары болуп калды

April 6, 2016, 06:00

Бүгүн, 5-апрелде, «Устат-3» долбоорунун шакирттери КР ИИМде өтүп жаткан «Милициянын жаш досу» республикалык кароо-конкурсуна барды.

 

«Милициянын жаш досу»конкурсу мектеп окуучуларын жарандык-укуктук жактан тарбиялоо, борбордун мектептериндеги окуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында КР ИИМ тарабынан өткөрүлүп жатат.

 

Эске сала кетели, 2016-жылдын январынан бери «Милициянын жаш досу»конкурсу бүткүл Кыргызстандын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлдү жана конкурстун шаардык турларында биринчи орунду ээлегендер Республикалык конкурска катышты, ал КР ИИМдин Чоң залында өттү.