Бишкекте Тажикстандагы жергеталдыккыргыздар жөнүндө биринчи фильмдин бет ачары өтөт

April 8, 2016, 06:00

9-апрелде БишкетинЛогвиненко көчөсү 13дарегиндежайгашканЧ.Айтматов атындагы Кино үйүндө ТажикстандынЖергетал районунда жашаган кыргыздар жөнүндө «Каратегинден кат» («Письмо из Памира»)аттуу биринчи документалдык фильмдин бет ачары өтөт.

 

Фильмдин автору Жаңыл Жусупжандын айтымы боюнча: «Каратегинден кат» -«бул тарыхый жана учурдагы тополоңдордун учурунда мекенден ажырап калдым деген ичтен сызуунужана адамдык мээримди издөөнү жеке инсандын көз карашынан баяндоо аркылуу ушул алыскы бийик тоолуу райондун тургундарынын күндөлүк жашоосу, кайгы-муңужана кубанычтары жөнүндө фильм».

 

«Бөтөн, агрессивдүү кысымга туруштук бере албай үй-бүлөлөр ажырашат, маданий дөөлөттөр жоголот. Памирде болсо мен ар-намысы менен жашаган, балдарын сүйгөн, өзүн бүт бойдон үй-бүлөгө арнаган адамдарды таптым. Менин бала чагымда, менин тээ алыскы айылымда ушундай эле», - дейт ал.

 

Фильм Швейцариянын Элчилигининжана ШвейцариянынКыргызстандагы кызматташтыкбоюнча бюросунун колдоосу менен «Cinedoc» (Франция)менен копродукцияда«Чагалдакфилмз» (Кыргызстан) тарабынан тартылганын кошумчалап кетүү керек.