Кыргызстанда «жашылKGchallenge» эстафетасы ишке киргизилди

April 4, 2016, 06:00

Эл аралык маалымат агенттиги жана Кыргызстан Sputnik радиосу "‎жашылKGchallenge" эстафетасын ишке киргизди.

 

Өлкөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чара Маданият жана тарых жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын республиканын көзкарандысыздыгынын 25 жылдыгына туш келтирилген «Бир жаран – бир көчөт» акциясынын алкагында ишке киргизилди.

 

Кыргызстан Sputnik жамааты ишембиде эртең менен Кары жыгач багында бардыгы болуп ясендин 35 көчөтүн отургузду.

 

Эстафетанын шарттарына ылайык, социалдык тармактарды пайдалануучу бак отургузат, фотосүрөткө түшөт же селфи кылат, андан соң сүрөттү #‎жашылKGchallenge милдеттүү хэштег менен социалдык тармактардагы өзүнүн беттерине жарыялайт. Ошондой эле ал өзү эстафетаны өткөрүп берип жаткан адамдарды белгилөөгө тийиш.

 

Жалпы республикалык «Бир жаран – бир көчөт» акциясынын алкагында өлкө боюнча 1 миллион 18 миң 105 бак отургузулду.

 Sputnik Кыргызстан