Биз өлкөбүздү таза жана жайлуу кыла алабыз

April 5, 2016, 06:00

Биз өз өлкөбүздү сүйөбүз жана аны жакшы кылгыбыз келет. Биздин «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорубуз өз үйүн – таза, короосун – жайлуу жана өлкөсүн ирээттүү кылууну каалаган жана ага даяр адамдар үчүн.

 

Кагаз, айнек, пластик, металл, эски техника – ойдогудай пайдаланган учурда ушул калдыктардын бардыгы пайдалуу ресурстарга айланат. Ал эми энергияны үнөмдөчү лампалар жана батарейкалар жаратылыш үчүн коркунучтуу болбой калат.

 

Эгерде биз таза суу ичип, таза абадан дем алып, жаратылышка маашырлангыбыз келсе – биз жөн гана таштандыларды жеңүүгө тийишпиз! Анткени биз болмоюнча, биздин ниетибиз жана аракеттерибиз болмоюнча эч нерсе ордунан кыймылдабайт – бул акыйкат! Өлкөнүн келечеги анда жашаган ар бир адамдын кылган ишине жана аракеттерине байланыштуу.

 

 

Келгиле, жөн гана баштайлы! 

 

Колуңдан келгенди жаса жана өлкөбүздү СЕН жакшы кылып жатканыңды бил!

 

Көбүрөөк маалымат www.festival.roza.kg сайтында