Фонддун иши балдардын көзү менен

March 31, 2016, 06:00

Баткен районунун Кара Бак айылындагы Б.Байназаров атындагы орто мектептин төртүнчү "Б" классынын окуучусу Абдиразак кызы Кулпунай өзүнүн иши менен кубандырды жана таң калтырды.

 

Ал өзү "Даамдуу Билим" журналын жасаган, анда өз мектебиндеги ысык тамак жөнүндө жана биздин Фонддун БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташтыктагы иши жөнүндө айтып берген.

 

Эгерде биздин демилгелерибиз балдарга кубаныч алып келсе, демек, биз курулай иштеп жаткан жокпуз!

 

Маалымат: «Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы» – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоору, ал 2014-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын финансылык колдоосу менен старт алган жана «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын бир бөлүгү болуп саналат.