«Буюмдардын экинчи жашоосу» темасына турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) жасалган эко-дубалдын конкурсу

April 1, 2016, 06:00

28-29-мартта конкурстун калыстар тобу «Буюмдардын экинчи жашоосу» конкурсунун алкагында эко-дубалдарды карап чыгуу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо максатында 19 мектепти жана райондук балдар чыгармачылык борборлорун (БЧБ) кыдырып чыкты. Белгилеп кетүү керек, мектептер жана балдар билим берүү борборлору мектептин эко-дубалдарын түзүүдө жана буюмдарды жасоодо жогорку жигердүүлүктү, чыгармачыл ыкманы жана түзүүчүлүктү көрсөттү, эң башкысы бардык иштер мугалимдердин колдоосунда окуучулардын колу менен жасалган. Мектеп окуучулары эко-дубалга келет, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрөт, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан эмне жасоого боло тургандыгын көрөт жана үйрөнөт деп үмүттөнөбүз.

 

Мектептердин жана балдар борборлорунун арасында шаардык конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо Билим берүү фестивалынын биринчи күнүндө 2016-жылдын 22-апрелинде И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтөт.

 

Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүп жатат.

 

Конкурстун максаттары жөнүндө эске салып кетели:

• курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүнө окуучулардын жана мугалимдердин көңүлүн буруу;

• турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан продукцияны түзүү аркылуу жаратылышка аяр мамилени даңазалоо;

• жаратылыш байлыктарын сактоо ишинде мектеп окуучуларынын экологиялык агартууга кызыгуусун арттыруу.