Жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) жазгы мектебинин ачылышы

April 1, 2016, 06:00

2016-жылдын 6-апрелинде STEM жазгы мектебинин ачылышы болот, ал «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында өтөт.

 

Бир жуманын ичинде мектептин 15 катышуучу кызы математика, физика, химия, информатика сабактары боюнча окуудан өтөт, ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучуларынан техникалык багытта мансапты пландаштыруу боюнча консультацияларды алат.

 

Эске сала кетели, кышкы топтоо учурунда STEM (S-science (илим); T-technology (технология); E-engineering (инженерия); M-math (математика)) мектебине катышууна катышууну каалаган жогорку класстардын окуучу кыздарынын саны көп болгондугуна байланыштуу мектепти жазында улантуу чечими кабыл алынган.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2014-жылдан бери кыздарды техникалык адистиктерге тартуу жагынан иш жүргүзүп жатат. Алсак, багыттын алкагында «Устат-2» долбоору турмушка ашырылган, анын катышуучулары жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары болду. Долбоордун алкагында катышуучу кыздар өнөр жай ишканаларына, IT компанияларга барды, компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өттү. Мындан тышкары, КРнын бардык региондорунда табигый-техникалык сабактар боюнча жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн туруктуу негизде кышкы жана жайкы мектептер өткөрүлүп турат. Кышында STEM мектебинде 224 кыз окутуудан өттү.

 

STEM жагынан кыз-келиндерге билим берүү кедейликти, өлүмгө учуроону азайтууга мүмкүндүк берет, мындан тышкары, айымдарга эркектер менен катар маанилүү техникалык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк түзөт, бул өз кезегинде Кыргызстанга өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет. STEM жагынан билим берүү – бул билимдүү аял – билимдүү балдар – билимдүү өлкө.