Чүй областынын мектептеринде мөмө бакчалары гүлдөйт

March 25, 2016, 06:00

«КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында 24-мартта Чүй областынын 7 мектебинде көчөттөр отургузулду.

 

Эске сала кеткибиз келет, бардыгы болуп 11 мектеп ушул демилгенин алкагында БУУнун КРдагы Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун жана Кыргыз-Инвестициялык Кредиттик банкынын финансылык колдоосу менен көчөттөрдү алды. Фонддун демилгеси бардык мектептерде көңүл буруусуз калбаганына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук билим берүү бөлүмдөрү жана, албетте, коомчулук тарабынан колдоого алынганына ынана алдык. Ар бир мектепте процесске окуучулар гана эмес, ошондой эле ата-энелер, ашпозчулар, айылдын ардактуу аксакалдары тартылды. Балдар үчүн көчөттөрдү өздөрү жана акимдер, акимдердин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчылары отургузду. Өкмөттүн Чүй областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.А. Айдакеева ар бир мектепте мөмө бактарды отургузууга жеке өзү катышканын өзгөчө белгилеп кетүү керек.

 

Ушундай кулач жайган демилге ушундай гана түрдө болот жана салтка айланган иш-чара болуп калат, ал келечек муундун ден соолугун камсыз кылат деп үмүттөнөбүз!