Бардыгы биздин колубузда!

March 23, 2016, 06:00

12-мартта «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» экологиялык акциясынын алкагында 2016-жылдагы көчөттөрдү жазгы алгачкы отургузуу болуп өттү. Көчөттөр Бишкек шаарынын төрт районунун 37 мектебинде жана кошумча түрдө Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов райондук билим берүү борборунда, «Кыргызстан балдары» ЦДТда жана Октябрь районунун жаңы балдар бакчасында отургузулду.

 

№64 гимназия мектебинде экологиялык акцияга КР экс-Президенти Отунбаева Р.И., билим берүү башкармалыгынын начальниги Мейрманова С.Ж., КЧКТЧМАнын директорунун орун басары Жумаев Н.К. катышты.

 

Көчөт отургузуу учурунда акциянын катышуучуларына эксперт-эколог Дмитрий Переяславский көчөттөрдү туура отургузуу жөнүндө айтып берди.

 

Мектептердин жанындагы аймактарды жашылдандыруу боюнча акцияга жогорку жана кенже класстардын окуучулары катышты. Жогорку класстардын окуучулары көчөттөрдү отургузушунун идеясы мында турат: алар жыл бою бактарды карайт жана окуу жылынын аягында бул көчөттөрдү кенже класстардын окуучуларынын камкордугуна жана кайтаруусуна өткөрүп берет, бул болсо балдарда курчап турган чөйрө жана өз шаарынын тазалыгы үчүн жоопкерчилик жана катышуу сезимин пайда кылат.