Чүй областында мектеп мөмө бакчалары отургузулду

March 24, 2016, 06:00

23-март Москва районунун Сретенка айыл аймагынын Сретенка орто мектебинин окуучулары жана ата-энелери үчүн жакшы күн, анткени БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен пилоттук өнөктөштүк долбоорунун алкагында 200дөн ашык мөмө бактары отургузулду.

 

Келечекте Сретенка мектебинин жана Чүй областынын дагы 10 мектебинин окуучулары аш болумдуу тамак менен камсыз кылынат, анткени витаминге бай компоттор, мөмөлөр балдардын мектеп тамак-ашынын курамдык бөлүгү болуп калат.

 

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаеванын, өлкөлүк директор Рам Сараванамуттунун жана ФАОнун КРдагы Өкүлүнүн орун басары Абдышева Саринанын катышуусу менен отургузулган бакча алда канча таза жана сарамжалдуу тамактанууга көмөк көрсөтүү үчүн мектеп жанындагы бакча участокторун түзүүгө, турмуштук адаттарды калыптандырууга жана жаратылыш менен таанышууга мүмкүндүк берет.

 

Бул биздин мектептерге өсүп келаткан муундун ысык тамагын ылайыкташтырууда ишти улантууга мүмкүнчүлүк, мектеп жанындагы участокторду өнүктүрүү, бакчаларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү аркылуу мектеп тамак-ашын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү компоненттердин бири болуп саналат.