«Устат-3» долбооруна катышуу жөнүндө шакирттердин үн кошуулары

March 25, 2016, 06:00

«Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоору 2015-жылдын сентябрында старт алды. «Устат-3» менторлук боюнча долбоорлордун уландысы болуп калды, мында кесиптик ийгиликтерге жетишкен насаатчылар тажрыйба бөлүшөт жана өз шакирттерин өз кесибинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. «Устат-3» долбоору – бул насаатчынын жана шакирттин дээрлик жекече иши, кесипти «ичинен» көрүү, өзүнүн насаатчысын иш учурунда көрүү, эң пайдалуу кеңештерди жана консультацияларды угуу мүмкүнчүлүгү.

 

Быйылкы жылы долбоор жогорку класстардын окуучуларынын арасында укук тартиби органдарынын иши жөнүндө кесиптик багыт берүү ишине багытталган. Милиция органдарында айымдардын көбөйүшү – бул, эң ириде, зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана балдардын укуктарын сактоонун кепилдиги. Балдарга жана аялдарга карата зомбулуктун, кыз ала качуунун көбөйүшү, кыз-келиндерди радикалдуу экстремизмге тартуу – Кыргызстан коомунун ушул актуалдуу көйгөйлөрү укук тартип органдарында милиционер аялдардын санын көбөйтүүнү талап кылат.

 

Долбоордун биринчи этабынын натыйжалары буларды көрсөтүп турат: укук тартип органдарында иштөөнү өтө көп сандагы кыздар каалайт – долбоорго катышкандардын саны пландалгандан көп болду. Долбоор 2016-жылдын мартында аяктайт. Биз долбоордун катышуучулары бир нече жылдан кийин, кесипкөй болуу менен, мыйзамды жана укук тартибин сактайт жана өздөрү иш тажрыйбасын бөлүшө алат деп үмүттөнөбүз.

 

 

Шакирт: Хайдарова Диера, №16 ГМнын окуучусу, Ош шаары

Насаатчы: Наргиза Шамшиева, Ош областынын ИИБнын улук оперуполномоченныйы, милициянын п/полковниги

 

КР ИИМ Академиясына кирүүгө өз ниетимди мен бала кезден келаткан тилегим деп айта албайм, мен муну ойлонуп тандадым, келечектеги кесип жагынан көп ойлондум. Быйылкы жылы да «Устат-3» сыяктуу долбоор түзүлдү, ал жерде мен тандоо конкурсунан өттүм. Мен 5 ай бою өзүмдүн насаатчымдан окудум, ошондой эле тренингдерге катыштым жана менде аскердик кесипке кызыгуу пайда болду. Мен көп нерсени үйрөндүм жана өзүмдүн баарлашуу чөйрөмдү кеңейттим, маанилүү тыянактарды жасадым жана толгон-токой маалыматтарды сактадым, андыктан келечекте Академияда окугум келет.

 

 

 

Шакирт: Медербек кызы Ширингул, №30 орто мектептин окуучусу, Ош шаары

Насаатчы: Жазгуль Кудайбердиева, Ош областынын ИИБнын улук кадрлар боюнча улук инспектору, Ош областы боюнча милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, милициянын капитаны

 

Мен «Устат-3» долбооруна өткөн жылдын декабрынан тартып катышып жатам. Долбоор мага абдан жагат. Мен бала чагымдан милиционердин кесибине кызыгам, алардын формасы мага абдан кооз көрүнчү.

 

2015-жылдын октябрында мектепте бизге долбоорго катышууну каалагандар үчүн анкеталарды таратышты, ошондо мен мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечтим жана анкетаны толтурдум. Кийин бизге Бишкектен долбоордун кызматкерлери келди жана тандоо жүргүздү, ал жерде биз өз насаатчыбыз Жазгуль Кудайбердиева менен тааныштык.

 

Жазгуль Кудайбердиева кийинчерээк бизге Ош областынын ИИБнын имаратын көрсөттү. Бизге айына бир жолу Асель Юсупова келип турду жана машыктыруучулар менен бирге биз үчүн тренингдерди өткөрүп турду. Долбоор мага көп жагынан жардам берди, бул үчүн мен ага ыраазымын.

 

Эмне үчүн мен милиционер болгум келет? мен Кыргызстан калкына кызмат кылгым келет, алар стабилдүүлүктү жана тынчтыкта жашоосун каалайм. Келечекте Кыргызстандын милиционер айымдарынын мыкты үлгүсү болуп калам деп үмүттөнөм.

 

 

Шакирт: Айзана Жолдубаева, лицей-комплекстин 11-классынын окуучусу, Талас шаары

Насаатчы: Перизат Иманбекова, ИДН ОВД Талас шаарынын ИИБнын ЖИИ участкалык инспектору, милициянын лейтенанты

 

Мен бала чагымдан милиционер болсом деп тилечүмүн, андыктан «Устат-3» долбоорунун аркасында менин тилегим ишке аша баштады. Менин насаатчым Перизат Иманбекова мени лидер болууга, адамдарга туура мамиле кылууга, чечимдерди кабыл алууга, өз убактымды туура пайдаланууга, билим деңгээлимди жогорулатууга жана башка көптөгөн нерселерге үйрөтүп жатат. Бул долбоордун аркасында менин турмушумда көп нерселер өзгөрдү, мен көптөгөн тер нерселерден арылдым.

КР ИИМ Академиясына тапшырып, мен органдардагы айымдардын катарын толуктагым жана Кыргызстанга пайда алып келгим келет.

 


 





Шакирт: Азалия Шаршенова, №27 орто мектебинин 11-классынын окуучусу, Бишкек шаары

Насаатчы: Татьяна Задворнова, Биринчи Май РИИБдин ЖИИ участкалык инспектору, милициянын капитаны

 

Мен долбоорго катышып жатканыма өтө кубанычтамын, анткени мен өзүмдүн насаатчымдын, Биринчи Май жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын улук участкалык инспекторунун ишине катыша алам, өз районумдун турмушу жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди билдим жана кызыктырган суроолорго жоопторду уга алдым. КР ИИМ Академиясына тапшырууга ниеттенип жатам, анткени мени ички иштер органдарындагы иш кызыктырып калды.

 



 

Шакирт: Назира Молдалиева, №5 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу, Жалал-Абад шаары

Насаатчы: Джамиля Суранова, Жалал-Абад областынын ИИБнын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын майору

 

Мен «Устат-3» долбооруна 2015-жылдын ноябрынан бери катышып жатам. Мен насаатчым экөөбүз долбоордун биринчи тренингине бардык. Тренингде өтө кызыктуу болду, укук коргоо органдарындагы иш жөнүндө өтө кең-кесри билдик. Жеке мага семинар учурунда жана андан кийин В.В.Черноморецтин айткандары шыктандырды, анткени ал бизге өзгөчө көңүл бурду. Анын айткандарынан улам ал өз ишин жакшы билээрин жана иш ага абдан жагаарын түшүнүүгө болот. Тренингдерден тышкары айырым күндөрү биз ИИБге барып турабыз, ал жерде документтерди, алардын толтурулушун жана жазылышын үйрөнөбүз. Биздин насаатчыбыз түшүнүгүбүздү кеңейтүү үчүн бизди ШИИБге жөнөтүп турду, ал жерде да өтө кызыктуу болду. Арызды толтуруу, андан соң кылмыш болгон жерге баруу, далилдерди чогултуу, көргөн адамдарды сурамжылоо, тыянактарды чыгаруу. Процесстин өзү мени абдан кызыктырды жана бул менин ишим экенин мен түшүнүп турам. Ошондой эле отрядга чыктык, кызыктуу кырдаалдар болду. Мага бул кесип жага тургандыгы биротоло айкын болуп калды.

 

Менин насаатчым Джамиля Суранова мага көп нерселерди үйрөттү, бул үчүн ага өзүнчө ыракмат. Ошондой эле «Устат» долбооруна ыракмат, анын аркасында көп нерселерди билдим.

 

 

Шакирт: Кылымкан Абыласова, №1 орто мектебинин 11-классынын окуучусу, Нарын шаары

Насаатчы: Назгул Садырова, Нарын областынын ИИБ кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын майору

 

Мага милиционер болуу абдан жагат. Милиционерлер – булар тартипти сактоочулар. Алар калкты кырсыктардан сактайт жана коргойт. Айтылып жүргөндөй «Менин милициям мени коргойт». Бул асыл кесип, анткени алар өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен тынч адамдарыбыздын бардык чакырууларына барып турат. Келечекте мен да өз элин коргогон жана кайтарган ушундай милиционер болгум келет. Мен уюшкан кылмыштуулукка жана контрабандага, баңгиликке жана башкаларга каршы күрөшөм.

 

Анан дагы мага алардын формасы, өзгөчө аны кыз-келиндер кийип жүрсө жагат. Бирок мен форма үчүн эмес, өз элимдин бейпилдиги жана тынчтыгы үчүн милиционер болгум келет.

 

«Устат-3» долбоору мени ушул кесипке мурдагыдан да көбүрөөк тартып жана мага шыктануу берди. Тренингдерде мен бул кесип жөнүндө алда канча кең-кесири билдим, милиционер айым катары мен ар бир кылмышкердин мүнөзүн билүүгө, жооптуу болууга жана бул кесипте өзүмдү кандай алып жүрүү керектигин билүүгө тийишмин. Менин насаатчым Назгүл Садырова бизди ИИБ кызматкерлеринин иши менен, тергөөчүлөр менен тааныштырды, өздүк иштер менен, аларды кантип жүргүзүү керектиги менен кең-кесири тааныштырды, ошондой эле оперативдүү кызматкерлер кайда машыга тургандыгын көрсөттү.

 

Долбоорго катышуу менен, мен өзүмдүн түшүнүгүмдү кеңейттим. Эгерде мен КР ИИМ Академиясына тапшырсам, анда окуу жана мыкты милиционер болуп калу үчүн өзүмдүн бардык күч-аракетимди жумшайм.