Мекендештердин «2016-мекендештер» III форумунун маалыматтык каты

March 30, 2016, 06:00

Бардык өнөктөрүбүздү, эксперттерди жана мекендештерди «2016 - Мекендештер Форумун» даярдоо боюнча кызматташтыкка жана ага катышууга чакырабыз, ал 2016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарында өтөт. Өлкөнүн түштүгү өзүнүн бай маданий, жаратылыштык, этностук көп түрдүүлүгү менен – биздин кезектеги жолугушуубуз үчүн кызыктуу, ойдогудай аянтча.

 

Сиздердин көпчүлүгүңүздөр «2012 - 2014 - Мекендештер Форумдарына» катышкансыздар, андыктан Сиздерде жакшы эскерүүлөр жана ишкер байланыштар гана эмес, ошондой эле 2016-жылдагы кийинки Форумга катышуу ниети да сакталып калды деп үмүттөнөбүз.

 

Кийинки айлардын ичинде биз Форумдун конференциясын даярдоого жардам бергиси келгендер менен активдүү кат алышабыз. Программа жана кызматташтык боюнча өз ойлоруңуздарды төмөнкүдөй электрондук почтага жөнөтүңүздөр mekendeshter@roza.kg.

 

Бул маалыматты өз досторуңуздарга жана тааныштарга, форумдун катышуучусу болууну каалагандарга, кызыктуу жана пайдалуу долбоору барларга берип коюуну өтүнөбүз. Бардык жаңылыктарга төмөнкү сайттан көз салып турууга болот www.roza.kg жана forum.mekendeshter.org

 

2012 – 2014-жылдардагыдай эле, бизнес жолугушуулардан тышкары, биз кызыктуу маданий программаны өткөрүүгө ниеттенип жатабыз. Тоого чогуу жүрүш жасоо идеясы бар, анткени Кыргызстандын тоосунан жакшы тоолор бизде гана бар.

 

2016-жылы баарыңыздарда ден соолук, гүлдөп өнүгүү жана бакубаттуулук болсун!

 

Урматтоо жана эң асыл тилектери менен,

2016 – Мекендештер Форумунун уюштуруу комитети mekendeshter@roza.kg