Жомок дүйнөсүсүнө- жол

March 29, 2016, 06:00

Кымбаттуу башталгыч класстын окуучулары!


"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду БУУнун Дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргеликте Сиздерди Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Тоголок Молдо" атындагы сыйлыктын Лауреаты Жылдыз Акаева балдарга жомок дүйнөсүнө жол ачууга чакырат.

 

"Кыргыз Республикасында мектеп тамактануусун жакшыртуу" долбоорунун алкагында балдар үчүн Жылдыздар китеп окушат.

 

Эгерде китеп менен дос болгунуз келсе, окулган жомоктон улам, кандай ой чабытына жана чыгармачылык ийгиликке жөндөмдүү экендигинизди билгиниз келсе, Сиздерди 2016 жылдын 30 март күнү саат 11.00 дө Нарын областынын, Кочкор районунун, Кызыл Дөбө орто мектебинде, 31 март күнү Жергетал АӨ, А. Табалдиев орто мектебинин окуу залында Кыргыз эл жомокторун окууга чакырабыз.