Мугалимдерди балдардын ар түрдүү категориялары менен иштөөгө кошумча окутуу талап кылынат – инклюзивдик билим берүү боюнча долбоордун жыйынтыктары

March 17, 2016, 06:00

Мугалимдерге балдардын ар түрдүү категориялары менен иштөө боюнча кошумча окутуучу семинарлар жана тренингдер талап кылынат. Бул тууралуу 17-мартта «Инклюзивдик билим берүү – келечекке жол» долбоорунун жыйынтыктары боюнча тегерек столдун жыйналышында айтылды, анда төрт айлык иштин жыйынтыктары дагы чыгарылды.

 

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлигинин балдарды мектепке карата даярдоо боюнча «Наристе» (480 саттык программа) программасынын ишке ашырылышы жөнүндө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды мектепке карата даярдоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү балдарды мектепке карата даярдоо программасы аркылуу инклюзивдик билим берүүнү жылдыруу жөнүндө коомчулукка маалыматтарды берүүгө багытталган.

 

«Жалпысынан коомчулук инклюзивдик билим берүүнү алга илгерилетүү идеясын түшүнүү менен кабыл алууда» – деп белгиленди жыйналыштын убагында.

 

Долбоордун алкагында инклюзивдик билим берүүнүн, кенже курактагы балдарды өнүктүрүүнүн, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды эрте айкындоонун жана мектеп алдындагы даярдоо класстарына, массалык мектептерге жана балдар бакчаларына интеграциялоонун маанилүүлүгү маселелери чагылдырылды.

 

Мындан тышкары, инклюзивдик билим берүү боюнча ОРП адис Сания Амерханова жана Мирошниченко атындагы мектептин директору Мавлюда Саурова Чүй облусундагы Москва районунун мектептериндеги ДМЧ балдарды ийгиликтүү интеграциялоо тажырыйбаларынан мисалдарды келтиришти.

 

Тегерек столдун жыйналыштарында инклюзивдик билим берүү боюнча «КР мектепке чейинки билим берүү» адистери, Билим берүү министрлигинин, Соцөнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле мектептердин директорлору жана университеттердин окутуучулары катышты.