Жайлоодогу балдар бакчалары – негизги көңүл сапатка!

March 23, 2016, 06:00

16-мартта Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында «Баланы туура жана сабаттуу тарбиялоо – инсандын ийгиликтүүлүгүнүн негизи» деген темада семинар уюштурулду.

 

Семинардын ишине «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, балдар бакчаларынын директорлору жана тарбиячылары жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышышты. Кенже курактагы балдардын эрте өсүп-жетилүү маселелери талкууланды, өсүп-жетилүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн (Жайлоодогу балдар бакчалары – өнүгүү борборлору) жакшыртуу боюнча, уюштуруу иш чаралары боюнча, ошондой эле педагог-тарбиячылардын жумуштарын жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

 

Нарын облусу боюнча КРӨ ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экс-орун басары, азыр ЭКФ өкүлү Чынара Абдраимакунова 2014–2015-жалдардагы Жайлоо балдар бакчаларынын иштеринин жыйынтыктарынын жана ийгиликтүү тажырыйбаларынын кеңири бет ачарын өткөргөн. Жайлоодогу жай мезгилине даярдануу боюнча иштерди өркүндөтүү боюнча жана кадамдык иш чаралар жаатындагы негизги багыттар сунуш кылынган. Долбоордун координатору Жооданбеков Асылбек ата-энелер жана коомчулук менен кандай иштер улантылаарын айтып берди. Ошондой эле республиканын мыкты педагогдорун жана республиканын чектеринен тышкары жакта иштеп жатышкан мекендештерди тартуу боюнча жумуштар да жүргүзүлүп жатканын маалымдады.