«Гений» радио берүүсү: Монтессори педагогикасы

March 18, 2016, 06:00

«Гений» программасында мейманда Монтессори педагогу, Родители.кг сайтынын жетекчиси, эки баланын энеси Светлана Никонова болду. Аңгеменин темасы – Монтессори педагогикасы – XX кылымдын биринчи жарымында италиялык педагог Мария Монтессори тарабынан сунуш кылынган тарбиялоо системасы. Системанын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: баланын өз алдынчалыгы, белгиленген чектердеги эркиндиги, баланын психологиялык, дене бой жана социалдык жактан табигый өсүшү.