Фоторепортаж: «Үмүт-Надежда» реабилитациалык борборунда «Манас бөтөн жерде жана Мекенге кайрылып келүү» спектакли болуп өттү

March 22, 2016, 06:00

18-мартта "Үмүт–Надежда" БРБ Януша Корчак атындагы борборунда «Манас бөтөн жерде жана Мекенге кайрылып келүү» спектаклинин премьералык көрсөтүүсү болуп өттү. Бул көрсөтүү инклюзивдик билим берүүдөгү алгачкы жакшы жышаналардын бири.

 

Көрсөтүү "Үмүт–Надежда" БРБ тарабынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ, «Илим» ОК, SOS «Балдар кыштагы», №72 ОМ менен бирдикте уюштурулган. Спектаклдин оюн коюучу режиссеру германиялык доктор Кристоф Штольценбург болуп саналат.