«Манас бөтөн жерде жана Мекенге кайрылып келүү» спектаклинин пост-релизи

March 22, 2016, 06:00

«Манас бөтөн жерде жана Мекенге кайрылып келүү»

спектаклинин пост-релизи

 

2016-жылдын 18-марты

 

«Үмүт–Надежда» балдар реабилитациялоо борбору

 

2016-жылдын 18-мартында «Үмүт–Надежда» балдар реабилитациялоо борборунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу аркасында «Манас бөтөн жерде жана Мекенге кайрылып келүү» спектакли болуп өттү. Спектаклдеги ролдорду «Үмүт–Надежда» борборунун тарбиялануучулары жана №72, балдардын SOS-кыштак мектептеринин окуучулары аткарышты. Бул биргелешкен жумуш инклюзивдик чыгармачылыктын биринчи мисалы болуп калды, ошондой эле балдарда эч кандай бөгөттөр жана стереотиптер болбосун далилдеди.

 

Экс-президент Роза Исаковна Отунбаева, КР Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевич Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова спектаклдин меймандары болуп калышты.

 

Р. И. Отунбаева өзүнүн куттуктоо сөзүндө айткандай, бул спектакль адамдын рухун жана мүмкүнчүлүгүн, анын кыйынчылыктарды жана катаал жагдайларды жеңип чыгуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Спектаклде ойногон балдар, өздөрүнүн бардык шыктарын, жөндөмдөрүн жана талантын көрсөтүүдө абдан катуу аракет кылышты.

 

«Манас» эпосунун мотивдери боюнча балдар үчүн спектаклдин сценарийин жазган германиялык режиссер Кристоф Штольценбергдин тажырыйбасы мектептерде, балдар бакчаларында жана башка билим берүүчү мекемелерде, балдар менен иштөө үчүн жумуштарда, ошондой эле өзгөчө керектөөлөрү бар балдар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

 

Социалдык өнүгүү министри К. Б. Базарбаев ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызыктуу жана абдан маанилүү иштери үчүн борборго ыраазылык билдирди жана борборго кол менен жасалган 50 пледди белекке тартуулады.

 

Депутат Аида Исмаилова балдардын аткарган иштерине өзүнүн терең ыраазылыгын билдирди жана «Үмүт–Надежда» борборуна такай жардам, колдоо көрсөтүп турууну убада кылды.

 

ЭлТР жана «Слово Кыргызстана» гезити, «Азаттык» радиосу спектаклге маалыматтык жактан колдоо көрсөттү.

 

Ким спектаклде болбой калса, аны көрмө жазууда көрө алышат.