Биринчи жазгы көчөттөрдү отургузуу болуп өттү

March 19, 2016, 06:00

«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкактарындагы «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» эко-акциясы

 

12-мартта «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» экологиялык акциясынын алкагында 2016-жылы биринчи жазгы көчөттөрдү отургузуу болуп өттү.

 

Көчөттөр төмөнкү 37 мектепте отуругузулду: Бишкек ш., төрт районундагы 14, 64,39,34,26, 78, 71, 91, 92, 68, 22, 42,44, 7, 40, 88, 45, 38, 57, 52, 11, 65, 69, 29, 61, 48, 33, 23, 21, 83, 49, 53, 3, 54, 19, 18, 81- жана аларга кошумча Свердлов районундагы Билим берүү борборунун Кароосуз калган балдар үчүн реабилитация борборунда, «Кыргызстан балдары» БЧБ жана Октябрь районундагы жаңы балдар бакчасында.

 

Биринчи жазгы көчөттөрдү отургузуу 12-мартта (ишемби) №64-мектеп-гимназиясында болуп өттү, ага КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева, билим берүү башкармасынын начальниги С.Ж. Мейрманова, КЧКТЧМАнын директорунун орун басары Н.К. Жумаев катышты.

 

Көчөттөрдү отургузуу убагында акциянын катышуучуларына эксперт-эколог Дмитрий Переяславский көчөттөрдү туура отургузуунун эрежелери тууралуу айтып берди.

 

Көчөт отургузууга жогорку жана кенже класстардын окуучулары катышышты. Жогорку класстардын окуучуларынын көчөттөрдү отургузуу идеясынын максаты мына мында турат, алар бүтүндөй жыл боюу тигилген көчөттөрдүн өсүүсүнө кам көрүшөт, анан окуу жылынын аягында бул көчөттөрдү кенже класстардын камкордугуна жана кароосуна өткөрүп беришет, бул балдарда курчап турган айлана чөйрөгө жана бир тууган шаардын тазалыгына карата өздөрүнүн дагы тиешеси бар жана жоопкерчиликтүү экендиктери тууралуу сезимдерин жаратат.

 

Ошондой эле 37 мектептин мектеп айланасындагы аймактарын карап чыгуу эксперт-экологдун тикелей катышуусунда жүргүзүлгөндүгүн, анын көчөттөрдү туура отургузуу жагындагы сунуштамалары бардык аракеттердин негизине алынгандыгын атайын белгилеп кетүүгө болот. Шаардын көпчүлүк мектептериндеги сугаруу көйгөйлөрү бар экени көңүлгө алынуу менен, кыртышка алынуусу жакшы, жергиликтүү көчөттөр пайдаланылгандыгын дагы белгилеп коюу керек.

 

2016-жылдын ичинде отургузулган көчөттөрдүн кыртышка алынуусунун мониторинги жүзөгө ашырылат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун ««Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкактарындагы «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» эко-акциясы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана «Эко полис» компаниясынын колдоосу менен уюуштурулду.

 

Эсиңиздерге салсак, 2015-жылы «Жашыл Бишкек: мектеп айланасын жашылдандыруу» акциясынын алкактарында Бишкектин 25 мектебинин аймагына 8700 көчөт отургузулган болчу.

 

Көчөттөрдүн аталышы Саны

Каштан 180

Жашыл уйгак (жандуу тосмо) 6000

Алма (жапайы) 400

Өрүк (жапайы) 300

Тал (Турпан) 300

Жийде 300

Бадам 200

Ийне жалбырактуу клен 300

Ясень 200

Терек 300

Туя 4

Көчөттөрдүн жалпы саны 8884