«Гений» радио берүүсү: суу, санитария жана гигиена жөнүндө

March 11, 2016, 06:00

Бүгүн биз суу, санитария жана гигиена боюнча мектептик клубдар жөнүндө сөз кылабыз жана бизде бүгүн Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиянын мугалими Кадыракунова Айзада Керимбековна жана ушул эле мектеп-гимназиянын окуучулары Баатырбекова Элена жана Жаркеева Жылдыз мейманда болушуп, суу, санитария жана гигиена боюнча мектептик кыймылга катышат.


Аталган мектеп башка 90 мектептин ичинен Россия Федерациясынын Өкмөтү каржылаган мектептерди суу менен жабдуу, санитария жана гигиена боюнча ЮНИСЕФтин долбооруна катышкан.


Долбоорду ишке ашырууда үч жылдыздуу мамиле пайдаланылган. Мындай мамиле колду самындап жууп туруу боюнча, мектептен күн сайын кадыресе практика катары үйрөтүүнү камсыз кылат. Мындай мамиленин негизинде жаткан фундаменталдуу принцип – бул мектептерде суу, санитария жана гигиена боюнча кымбат турган инфратүзүм балдардын ден соолугун жакшыртуу боюнча максаттарга жетишүүнү кепилдей албайт. Окуучулардын ден соолугунун жакшы болушуна гигиеналык кадыресе көндүмдөр аркылуу гана жетишүүгө боло тургандыгы анык.