Бишкектин 400дөн ашык мектеп окуучусу «Үйдөгү экология» менен таанышты

March 9, 2016, 06:00

Февраль айында Бишкектин мектептеринде 7-9-класстардын окуучулары үчүн «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» өттү. Кербендин темасы – Үйдөгү экология.

 

Кербендин жүрүшүндө «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун PR менеджери Колесникова Мария окуучуларга эко-долбоор жөнүндө айтып берди жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына долбоордун алкагында түзүлгөн социалдык роликтерди көрсөттү.

 

Видео-роликтерди көргөндөн кийин жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "Ырыстан" коомдук фондунун өкүлү Дмитрий Переяславский балдар үчүн «Үйдөгү экология» темасына интерактивдүү презентацияны өткөрдү, ал жерде мектеп окуучулары үйдөгү экологиялык тобокелдиктер жөнүндө жана өз үйүңдү чаңдан, желеден кантип коргоо керектиги, шамалдатуу ыкмалары, бөлмөдөгү температуранын түрлөрү жана үйдөгү нымдуулук жөнүндө көптөгөн жаңы нерселерди билди. Иш-чаранын аягында лектор балдарга мектепте чогултулган «микродүйнөнүн» биологиялык ар түрдүүлүгүн көрсөттү, ал жерде ар бир бала «Чаңдын көрүнбөгөн дүйнөмүн» – чаңдын курамын, түрлөрүн микроскоп аркылуу көрүп жана изилдеп, ошондой эле анын адамдын ден соолугуна таасирин аңдап-түшүнө алды.

 

Лекцияларга Бишкек шаарынын №91, № 51, №2 жана №16 орто мектептеринин 450дөн ашык окуучулары катышты. Мектеп окуучулары бул иш-чарага зор кызыгуусун билдирди, бул ушундай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгы жөнүндө айтып турат.

 

Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта Бишкек шаарынын экологиялык уюмдарынын катышуусу менен өткөрүп жатат.

 

Эске сала кетсек, «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» 2015-жылдын январынан тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ демилгелеген «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен – балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Эко-долбоордун максаты – сыртта туруп байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу.