Пресс-релиз: Баткен областында мектеп жашына чейинки балдарды ар тараптуу өнүктүрүү

March 9, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Баткен областындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен Баткен областындагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган тегерек стол өткөрөт. Тегерек стол 11-мартта саат 9.00 – 13.00 гө чейин Баткен шаары, Бай-Кут мейманканасынын жыйын залында өтөт.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “Инфраструктураны жакшыртуу жана суу, жайыт ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын потенциалын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен областында 2015-жыл май – 2016-жыл март айынын аралыгында Ага Хан фонду аркылуу Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен Баткен областында 2015-жылдын май айынан бери ишмердүүлүктөрдү жүргүздү.


Бул долбоордун натыйжасында 2015-жылдын жай айларында Баткен областында 7 жайлоо бала бакчасы иштеди. Жайыт комитеттерине, тарбиячыларга тренингдер өткөрүлдү. Бала бакчаларды окуу китептери, канцеляриялык товарлар менен камсыздалды, Балдар жана ата-энелер үчүн мастер класстар өтүлдү.


Баткен району Чоң-Кара айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасына суу киргизилип, 500 литрлик бочка жана насос орнотулду. Кухня жана балдар үчүн кол жуугучтар, аристондор орнотулду. Андан тышкары кире беришке маталлопластик терезе жана дубал (веранда) менен жылууланды. Кадамжай районун Марказ айылындагы “Келечек” балдар бакчасы бул мезгилге чейин зарыл эмеректер сатылып алынды. Балдар үчүн стулдар (60 шт), столдор (16 шт), китеп койгуч шкафтар, тарбиячылар үчүн мебелдер ж. б эмеректер сатылып алынды. Андан тышкары Лейлек районундагы “Ай-Көл” бала бакчасына суу киргизилди. Балдар үчүн зарыл болгон сантехника менен камсыз болду. Ажааткана толугу менен кафелденди. Бул бала бакчаларга өнүктүрүүчү оюнчуктар сатылып берилди.


Бул тегерек столдо бул мезгилге чейинки ишмердүүлүктөргө токтолуп, мындан кийинки кызматташуу багыттары, жайлоодогу өнүгүү борборлорунун сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, чыгармачыл борборлору менен иштөө, тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча темалар талкууга алынат.


Так маалымат үчүн: 0556 54 91 54, 0312 66 03 68 телефондору аркылуу кайрылыңыздар (Арстанбек Сагынтай уулу)