130 мугалим көз үчүн гимнастика боюнча тренингдерге катышты

March 9, 2016, 06:00

2016-жылдын 17, 19- жана 24-февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча К.Карасаев атындагы БГУнун Конфуций институту менен бирдикте Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдерине көз үчүн гимнастика боюнча тренингдер өткөрүлдү.

 

Тренингдер келечекте мугалимдер окуучуларга көз үчүн гимнастиканы өз алдынча өткөрүшү жана аларга көздүн курчун колдоого жана сактоога жардам бериши үчүн аларды окутуу максатында өткөрүлдү. Окуп жаткан мугалимдер көз үчүн гимнастиканы сабак учурунда, ошондой эле танапистерде өткөрө алат, анткени аны өткөрүү үчүн 5-10 мүнөт жетиштүү.

 

Мектептерде тренингдер Кытайды балдар көз үчүн гимнастиканы кантип жасай тургандыгы жөнүндө видеодон башталды. Андан соң Конфуций Институтунун волонтерлору сөз менен коштоп, кыймылдарды өз колдору менен көрсөттү. Мугалимдер көз үчүн гимнастиканын пайдалуулугун белгилеп, тренингге жан-дили менен катышты, суроолорду берди, волонтерлорду ээрчип кыймылдарды кайталады.

 

Тренингге №66 «Ден соолук жана өнүктүрүү мектеби» окуу-тарбиялоо комплекси гимназиясынын, № 62 гимназия мектебинин окуу-тарбиялоо комплексинин жана №28 лицей мектебинин 130га жакын мугалими катышты.

 

Кошумча маалымат үчүн төмөнкүдөй телефондорго кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660 384, +996 772 800 376.