Майрамкан Абылкасымованын көздөгөндүн бардыгын аткара алат

March 7, 2016, 06:00

Аялдардын эл аралык күнүнө арналган Майрамкан Абылкасымованын поэзия кечеси 2016-жылдын 4-мартында Улуттук филармониянын кичи залында өттү.

 

Майрамкан Абылкасымованын поэзия кечеси кыргыз поэзиясын чыныгы баалагандарды чогултту. Кыргыз поэзиясынын алптарынын бири болгон ал быйылкы жылы 80 жашка толот. Мааракенин алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду поэзияны сүйүүчүлөрдүн бардыгы үчүн сүйүктүү акын менен жолугушууну уюштурду.

 

Акын – бул кыргыз маданиятынын бир бөлүгү, элдин рухунун булагы. Ал өзүнүн сөз өнөрү менен дайыма элдин ой-тилегин жана үмүтүн билдирип, анын күжүрмөн дараметин ойготуп жана жерин коргоого чакырып, аны менен бирге санааркап, муңданып турган кезде дем берип жана көңүлүн ача алды. Майрамкан Абылкасымова көздөгөндүн бардыгын аткара алат.

 

Ал 26 жашында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болуп калган, бул өз кезинде өтө ардактуу сыйлык болучу. Майрамкан Абылкасымованын жүздөгөн ырлары, анын ырларында жазылган обондуу ырлар – кыргызстандыктардын улуу муунуна таанымал жана сүйүктүү. Акындын ырлары Мекенге жана туулган жерди сүйүүгө, жаратылыштын кооздугун жана Кыргызстандын адамдарын даңазалоого арналган.

 

Акындын өзү 80 жышка чыкса да, мурдагыдай эле күүлүү-күчтүү жана көңүлү куунак. Кече абдан мээримдүү жана эркин жагдайда өттү. Көрүүчүлөр автордун жана жаш акындардын аткаруусунда мыкты ырларды угуп гана тим болбостон, ошондой эле Акбар Рыскуловдун экспромтторуна, кечени алып баруучу Кайрат Иманалиевдин куттуктоолоруна, кече ээсинин атынан айтылган тамашаларга ыракаттанбай койгон жок.

 

Фонд Бишкектин тургундары жана борбордун меймандары сүйүктүү авторлорго келип жана аларды угуп, күндөлүк оокат-тиричиликтен эс алып жана шыктанууну алуусу үчүн поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууну пландаштырып жатат.