Майрамыңар менен, кымбаттуу айымдар!

March 8, 2016, 06:00

Көктөмдө, жаратылыш жаңыдан ойгонуп, жаңы пландар түзүлүп жана ой-тилектер пайда боло баштаганда, биз ушул күндү – сулуу, жароокер, мээримдүү, даанышман жана сезимтал Айымдардын күнүн белгилейбиз.

 

КР айымдары – олуттуу коомдук-саясий жана кесипкөй күч. 80 миң мугалим, 40 миң врач жана медайым, 50 миң тигүүчү, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда 200 миң кыз-келин эмгектенет. КР бийлигинин бардык бутактарында жогорку кызамт орундарын ээлеген аялдар дүйнөлүк аренада биздин өлкөнүн образын түзөт, региондогу цивилизациялуу мамлекет, демократиялык аралча катары анын кадыр-баркын татыктуу колдойт. Бирок али бардыгы жасала элек, ошондуктан «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду кыз-келиндердин билимге жеткиликтүүлүгү, аларды жогорку технологиялуу тармактарга, илимге жана техникага тартуу менен байланышкан маселелерге ушунчалык көп көңүл бөлөт, жарандык коомдо, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндө аялдардын ролун жогорулатуу жагынан иш алып барат. Кыз-келиндердин потенциалынын өсүшү биздин өлкөдө бейпилдикти жана стабилдүүлүктү алып келүүгө кудуреттүү деп ишенебиз.

 

Ушул жаз күнүндө бардык айымдарга сүйүү, мээримдүүлүк, ачык асман,

үйлөрүнө тынчтык, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!

 

Дайыма сулуу, бактылуу, табышмактуу жана жаркын болгула!

Көбүрөөк жылмайып жана айланадагыларга мээрим төккүлө!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты