Милиционер аялдардын ассоциациясынын укук коргоо органдары менен кызматташтыгы «ала-качуу» маселесинде өзгөчө керек, - Р.Отунбаева

March 3, 2016, 06:00

Калктын укук коргоо органдарына ишенимин арттыруу маселелеринде Милиционер аялдардын ассоциациясынын жана жакында түзүлгөн Судьялар ассоциациясынын, плюс прокуратура кызматкерлеринин кызматташтыгы маанилүү роль ойной алат, деп билдирди КР экс-президенти Роза Отунбаева 3-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Азыркы шарттарда милиционер айымдардын ролу» деген эл аралык тренинг-конференцияда.

 

Р.Отунбаева «ала-качуу» маселесинде күч-аракеттерди бириктирүү өзгөчө маанилүү деп эсептейт. «Ала-качуу» феномени – улутубуздун уяттуу көрүнүшү, азыркы дүйнөдө бул үрөйдү учурган жапайы салт катары көрүнөт. Бул жөнүндө олуттуу маалыматтарды жеринен алуу үчүн жүздөгөн чет өлкөлүк изилдөөчүлөр бул жерге келишет, анан жаш кыздардын азап-тозоктору, мындайча айтканда, элдик салттын ушул терс көрүнүштөрү бүткүл дүйнө жүзү боюнча зор тираждар менен жана кооз журналдарга чыгып калат», - деп айтты ал.

 

Экс-президент ошондой эле мындай деп белгиледи: дүйнөнүн коогалаңдуу жерлериндеги окуялар көрсөтүп тургандай, коопсуздук азык-түлүккө жана нанга караганда алда канча маанилүү болуп чыгат, ал адамдардын турмушунун сапатын аныктайт. «Тилекке каршы, дүйнөлүк рейтингдерде жашоо-тиричиликтин көз карашынан алганда Бишкекти жайсыз шаарларга кошушат. Ошондуктан коопсуздук маселелерине көңүл буруп, укук коргоо органдарынын ишинин сапатын жакшыртуу, милицияда кыз-келиндердин санын көбөйтүү маанилүү. Биздин Фонд Милиционер аялдардын ассоциациясы менен өнөктөштүктө кыздарды милициядагы ишке тартуу үчүн иш жүргүздү. Тилекке каршы, кесипке багыт берүүчү ушундай иш өтө аз жүргүзүлүп жатат. Насаатчылык институту таптакыр унутта калган. ИИМ системасында айымдарды жетекчи кызматтарга көтөрүүнү күтүп жатабыз, алар Жашы жете электердин иштери боюнча инспекция, кайгуул кызматы, лаборатория сыяктуу белгилүү жактарда гана эмес, ошондой эле администрациялык кызматтарда ишке тартылууга тийиш. Ушул көйгөйлөр боюнча ИИМ Академиясында, борбордун бардык юридикалык мектептеринде олуттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү керек, ИИМ Академиясынын өзүндө курсанттарды гендердик сезимталдуулукка терең окутууну жолго коюу маанилүү», - деп айтты Р.Отунбаева.

 

CA-NEWS (KG)