Роза Отунбаева органдардагы кызматтарга кыз-келиндерди жигердүү тартууга чакырды

March 3, 2016, 06:00

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КР милиционер аялдарынын ассоциациясы уюштурган «Азыркы шарттарда милиционер айымдардын ролу: көйгөйлөр жана келечектер» деген эл аралык конференция өтүп жатат. Бул иш-чара ассоциациянын түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына туш келтирилген.

 

Конференцияга Президенттин Аппаратынын, ЖКнын жана КР ИИМдин өкүлдөрү чакырылган. Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер органдарында айымдардын ролунун жана ордунун, системаны өнүктүрүүдө алардын потенциалын жана салымын арттыруунун темалары талкууланат.

 

КР экс-президенти Роза Отунбаеванын айтымына караганда, бул тема коомдо маанилүү роль ойнойт.

 

«Кыз-келиндерди органдардагы кызматтарга тартууда алда канча талыкпас кадр ишин жүргүзүү зарыл. Биздин Фонд долбоордун алкагында иштерди баштады. Биз оң жагын да, терс жагын да көрдүк, долбоор аяктап баратат, ал эми иштер али көп. Бизде бул чөйрөдө зор потенциал бар, анткени коопсуздук маселеси өтө маанилүү бойдон калууда, биз эл менен иштөөгө тийишпиз. Милиционердин кесиби канчалык артыкчылыктуу экенин жаштарга көрсөтүү керек», - деп айтты ал.

 

Белгилеп кетели, КР милиционер аялдарынын ассоциациясы ЕККУнун Бишкектеги Борборунун колдоосу менен 2010-жылдын 1-октябрында түзүлгөн.