Эксперт: Көпчүлүк ата-энелер Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүү жөнүндө билбейт

March 3, 2016, 06:00

ДМЧ балдардын көпчүлүгүнүн ата-энелери Кыргызстанда турмушка ашырылып жаткан инклюзивдик билим берүү программалары жөнүндө билбейт. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева билдирди.

 

Ал өкмөт балдарга жекече билим алууга мүмкүндүк берүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатат деп белгиледи.

 

«Биз балдар лагерлерин кыдырып чыкканда Кыргызстанда «Наристе» программасы боюнча 3 миңден ашык мугалим даярдыктан өткөнүн көпчүлүк ата-энелер билбей тургандыгын түшүндүк. Алар ошондой эле 2207 мектеп методикалык комплекттерди алганын жана окуу жайлары программаны киргизүү боюнча пилоттук болуп саналаарын билбейт. ДМЧ балдар дени сак балдардын арасына барып, тезирээк өнүккөн учурлар болгон», - дейт ал.

 

Кендирбаеванын айтымына караганда, ата-энелер өздөрүнүн балдары үчүн билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр акысыз берилээрин билүүгө тийиш.

 

«Программа бар экендиги жөнүндө кала берсе айыл өкмөттөрү да билбейт. Бул Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн көйгөйү. Андыктан коомчулук өзүнүн укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүүгө тийиш. Жарандарга маалымдоо үчүн өкмөт тарабынан каражат бөлүнбөйт. Биз коомчулукка долбоорлор аркылуу маалымдоого аракет кылып жатабыз. Көйгөйлөр көп, бирок балдардын көйгөйлөрү өтө маанилүү бойдон калууда. Биз балдарыбызга өнүгүүгө жардам берүүгө тийишпиз. Балким, алардын арасында Моцарт сыяктуу генийлер, Черчилль сыяктуу саясай ишмерлер бар», - дейт Фонддун башчысы.

Вечерний Бишкек