ЖМК биз жөнүндө: Көпчүлүк ата-энелер ДМЧ балдар толук баалуу билим ала алаарын билбейт

March 2, 2016, 06:00

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты таратуудагы оорчулуктардын айынан көпчүлүк ата-энелер ушундай программа бар экендиги жөнүндө билбейт. Бул жөнүндө 1-мартта «Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол» долбоорунун алкагындагы пресс-конференцияда Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адистери билдирди.

 

«Телекөрсөтүү, радио жана басылма продукция аркылуу биз ата-энелерге алардын балдары да толук баалуу билим ала алаары жөнүндө маалыматты жеткирүүгө аракет кылып жатабыз», – деп айтты «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Доктуркуль Кендирбаева.

 

Адистер маалымдагандай, 2 миңден ашык мектеп окуу-методикалык окуу куралдарын алды, 3 миңден ашык мугалим балдар менен иш алып барууга даярдалды, баланын патологиясына жараша жекече ыкма каралган.

 

«Балдардын арасында Моцарт, Черчиль сыяктуу келечектеги генийлер бар болушу мүмкүн. Аларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек», – деп белгиледи ал.

 

Фонддун директору мындай деп айтты: дүлөйлөр үчүн жатак мектепте окуган балдар эл аралык бий конкурстарына катышкан жана байгелүү орундарды ээлеген. Окутуунун атайын методикасынын аркасында балдар кулагы укпаса да, мыкты бийлейт.

 

Ошондой эле кыргызстандык бала Диана Гурцкая көзү көрбөгөн жана начар көргөн балдар үчүн түзгөн «Белая трость» фестивалына Москвага барган жана эки жолу Гран-принин ээси болгон тажрыйба бар.

 

АКИpress