М.Абылкасымованын чыгармачылыгына арналган кече

March 2, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучу айымдардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулайт.


Мындай кеченин алгачкысы Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ш даражадагы Манас орденинин ээси Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгына арналат. Ал 2016-жылдын 4-мартында, Аялдардын 8-март Эл аралык майрамын утурлап , Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт.


Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгы өзүнүн өтө популярдуулугу жана терең мазмууну менен айырмаланат. Ошон үчүн анын ырларын миңдеген окурмандар сүйүп окуган. Поэзия майданында аялзатынын жүзүн алгачкылардан болуп татыктуу көрсөтө алуу менен М.Абылкасымова кыргыз жазма адабиятында аялдар поэзиясын түптөөгө эбегейсиз чоң салым кошкон. Анын поэзиясы тынчтык күндү, биримдикти, эл-жерди, тоо сууларды жогорку көркөмдүктө жана мекенчилдик бийик сезимде чагылыдырп турат.. Анын ырларынын мазмууну Мекенди сүйүүгө, адамдык баалуулуктарды даңазалоого, достукка жана ынтымакка чакырган. Акын Кыргызстанда акын аялдардын ичинен биринчи болуп Бүкүл Союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреты болгон.


М.Абылкасымованын эң алгачкы ырлар жыйнагы «Кичинекейдосторума» деп аталып, ал1961- жылы жарык көргөн. Ал эми 1965 жылы «Ушул жазда гүлдөр көп» поэтикалык китеби , 1968 жылы Улуу Ата Мекендик Согуштагы жоокерлердин фашистик баскынчыларга каршы эрдигин даңазалаган «Ишенимди жүрөгүмдө сактайм» ырлар жыйнагы басылып чыккан.


Акындын ырлары орус, украин, казак, англис, франсуз, монгол жана болгар бир нече тилде жарык көргөн.


Поэзия кечесинде ырлары М. Абылкасымованын жана алардын тарыхы, чыгармачыл баяны өзүнүн жана шакирттеринин айтуусунда жаңырат. Ошондой эле Акынга арналган замандаш калемдештеринин ырлары, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар жаңырмакчы.