Иш-чаралардын дайджести «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2016-жылдын мартына
March 1, 2016, 06:00Иш-чаралардын дайджести
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ
2016-жылдын мартына
1-МАРТ - “Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол” долбоору боюнча пресс-конференция
Качан (датасы жана убактысы): 1-март, саат 12.00-13.00
Кайда: “Вечерний Бишкек” газетасынын редакциясы, Үсөнбаев көчөсү 2
Максат – мектепке чейинки даярдыктын "Наристе" мамлекеттик программасынын инклюзивдик компоненти жөнүндө маалыматты таратуу.
Телефон:0772800376
4-МАРТ - Аялдардын эл аралык 8-март майрамына арналган Майрамкан Абылкасымованын музыкалык поэзия кечеси
Качан (датасы жана убактысы): 4-март, саат 16.00-17.40
Кайда: Т.Сатылганов атындагы улуттук филармония, кичи зал
Кирүү алдын ала жазылуу боюнча.
Телефон: 0312660368, 0772800376
11-МАРТ - «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү жергиликтүү институттардын потенциалын арттыруу» темасына тегерек стол
Качан (датасы жана убактысы): 10-11-март, убактысы такталып жатат
Кайда: Баткен шаары
Тегерек столдо ушул долбоор боюнча 2015-жыл үчүн аткарылган иштин жыйынтыктары чыгарылат жана 2016-жылга андан аркы пландар талкууланат.
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com , 0556 54 91 54, s.arstanbek@gmail.com
11-МАРТ - "Гений" радио берүүсү
Тема: Кыргызстанда альтернативдүү балдар бакчаларын ачуу боюнча иш. Лицензия алуу шарттары (Кыргызстанда Альтернативалык бала бакчаларды ачуу ишмердүүлүктөрү, Лицензия менен камсыздоо шарттары)
Качан (датасы жана убактысы):11-март, саат 13.30-14.00
Кайда: Биринчи радио
Берүүнүн меймандары: КР Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо департаментинин башчысы Казиев Нурбек Кожоярович, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Майтикова Чынара, №186 балдар бакчасынын жетекчиси Майгулакова Дильнара Жолдошевна. Алып баруучу - Жоодонбеков Асылбек
Телефон: asanasyl@gmail.com, 0552 600 738
11-МАРТ - «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына экологиялык үгүт бригадаларынын жана театрлаштырылган оюн-зооктордун шаардык конкурсу
Райондук этап - 10-мартка чейин
Шаардык этап - 11-март
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
Сахналаштырылган оюн-зоокто конкурстун темасын чагылдыруу, көтөрүлгөн теманын актуалдуулугу, чыгармачылык жана көркөм бүтүндүк, аткаруунун деңгээли бааланат.
Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүп жатат.
Телефон: 0550 328899
15-МАРТ - Жайлоодогу «Бүчүр» балдар бакчасынын тажрыйбасы менен таанышуу боюнча семинар
Качан (датасы жана убактысы): 15-март, убактысы такталып жатат
Кайда: Чолпон айылы, Кочкор району, Нарын областы
Катышуучулар: Нарын областынын балдар бакчаларынын башчылары жана тарбиячылары.
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com, 0556 54 91 54, s.arstanbek@gmail.com
16-20-МАРТ - «Буюмдардын экинчи жашоосу» темасына турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) жасалган эко-дубалдар конкурсу
Качан: 2016-жылдын 16 - 20-марты
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери жана мектептен тышкаркы мекемелери
Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүп жатат.
Телефон: 0550 328899
17-18-МАРТ - «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы
- 17-март, Шабдан-Ата орто мектебинде, Шабдан айылы, Чоң-Кемин айыл округу, Чүй областы
- 18-март, Бакаев атындагы орто мектепте, Ильич айылы, Кемин району, Чүй областы
Китеп окуу – бул балдардын ийгиликтүү келечегине мыкты инвестициялар. Долбоор үй-бүлөлүк китеп окуунун мыкты салттарын кубаттайт жана өнүктүрөт.
Телефон: 0550776627
18-МАРТ – Мугалимдер үчүн экология боюнча лекторий
Качан (датасы жана убактысы): 18-март 10:00дө
Лекциянын темасы - "Биологиялык коопсуздуктун маселелери (гельминттер ж.б.)"
Лектор - Жумагуль Усубакунова, эксперт, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
Лекциянын тили – кыргыз тили
Телефон: 0550 328899
18-МАРТ - "Гений" рабио берүүсү
Тема: Балдар үчүн оюндар жана баланын өнүгүшүндө алардын ролу
Качан (датасы жана убактысы): 18-март, саат 13.30-14.00
Кайда: Биринчи радио
Студиянын мейманы – педагогикалык илимдердин доктору, профессор, улуттук оюндар боюнча адис Үмөтов Таалай
Телефон: 0552 600 738 asanasyl@gmail.com
19-МАРТ – Мугалимдер үчүн экология боюнча лекторий
Качан (датасы жана убактысы): 19-март, 10:00дө
Лекциянын темасы - "Көрүнбөгөн коркунуч жана азыркы гигиенанын негиздери"
Лектор - Дмитрий Переяславский - эксперт, жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду
Лекциянын тили – орус тили
Телефон: 0550 328899
18-МАРТ - “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялоо борборунун балдарынын катышуусу менен “Айкөл Манас” спектаклинин премьерасы
Качан (датасы жана убактысы): 18-март, 11.00дө
Кайда: Януш Корчак борбору, Лев Толстой көчөсү (инфекциялык оорукананын жанында).
Каалагандардын бардыгы спектаклге катышуу менен өзгөчө муктаждыктары бар балдарды колдой алат. Сиздин колдооңуз алар үчүн өтө маанилүү.
Кирүү акысыз.
Телефон: 0772800376
25-МАРТ – Жумушта МКТны пайдалануу боюнча балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн тренинг.
Качан: 25-март, саат 11.00дөн 13.00гө чейин
Кайда: кошумча билдирилет
Машыктыруучу - Бакай Талайбеков, Стамбул Техникалык университетинин бүтүрүүчүсү. Кирүү акысыз.
Телефон: 0772800376
30-31-МАРТ – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы
- 30-март, Кызыл Дөбө атындагы орто мектепте, Кочкор айылы, Нарын областы
- 31-март, Табалдиев атындагы орто мектепте, Жерге-Тал айылдык округу, Нарын областы
Китеп окуу – бул балдардын ийгиликтүү келечегине мыкты инвестициялар.
Телефон: 0550776627
МАРТ - “Устат-3” долбоорунун алкагындагы тегерек столдор
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Кыргызстандын региондору
Тегерек столдор менторлордун, шакирттердин, мектеп директорлорунун, ИИО, ЖӨБ өкүлдөрүнүн жана башка таламдаш жактардын катышуусу менен 7 максаттуу региондо өтөт.
Телефон: 0555757096
МАРТ - Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Катышуучулар – 6-8-класстардын окуучулары
Телефон: 0550 328899
МАРТ – «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун алкагында педагогдор арасындагы конкурс
Жарыя бүткүл өлкө боюнча ЖМКлар аркылуу таратылат.
Конкурстун максаты тажрыйбалуу педагогдорду Жайлоодогу балдар бакчаларына тартуу болуп саналат.
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com , 0556 54 91 54, s.arstanbek@gmail.com
МАРТ – «Мөмө бактарды отургузуу» долбоору үчүн пилоттук мектептерди тандоо жана аларга баруу
Датасы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Чүй областы
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) агроному менен бирге баруу жана тандоо жүргүзүлөт.
Телефон: 0555773750
МАРТ – «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоору боюнча маалыматтык жолугушуулар жана презентациялар
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Ысык-Көл областы
Катышуучулар: Ысык-Көл областынын райондук мамлекеттик администрацияларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештеринин депутаттары
Телефон: 0555773750, 0773970808
МАРТ - «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоору боюнча мобилизациялоочу жолугушуулар
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтары
5 жолугушуу уюштурулат.
Телефон: 0555773750, 0773970808
МАРТ - «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагындагы жолугушуулар
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Чүй областы
Жолугушуулар Чүй областынын бийлигинин өкүлдөрү менен бирдикте пилоттук эмес мектептерде мектеп тамак-ашынын программасын киргизүү боюнча стратегиялык планды түзүү максатында өткөрүлөт.
Телефон: 0555773750
МАРТТЫН АЯГЫ – «КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында мектептерде мөмө бактарды отургузуу
Датасы жана убактысы кошумча билдирилет. Анонсторго көз салгыла.
Кайда: Чүй областы
Телефон: 0555773750, 0773970808
МАРТТЫН ИЧИНДЕ – мекендештердин III-«Мекендештер» Форумуна даярдануу
Качан: 1-2 август, 2016-жыл
Кайда: Ош мамлекеттик университети, Ош шаары
Максат: Региондордун деңгээлинде инвестицияларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана жагымдуу институттук чөйрөнү түзүү боюнча региондук бизнес жамааттардын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорлорун көрсөтүү.
Телефон: 0312 663538, www.mekendeshter.org,mekendeshter@roza.kg