«Устат-3» долбоорунун экинчи тренинги аяктады

February 26, 2016, 06:00

2016-жылдын 24- жана 25-февралында Нарын шаарында жана Каракол шаарында КР ИИМ жана КР милиционер аялдарынын ассоциациясы менен өнөктөштүктө БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматташтыгы менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун шакирттери үчүн тренингдер өттү.

 

Гендердик билим берүү, медиатордук, ИИОнун жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү, мектеп окуучуларын адам укуктарына окутуу, сын көз менен ой жүгүртүү жана башка темалар боюнча тажрыйбалуу машыктыруучулар болуп саналган Догдуркуль Кендирбаева менен Эльмира Арапова машыктыруучу катары иш алып барды.

 

Долбоордун эксперти, ИИМдин ардагери, милициянын полковниги Виктор Черноморец ИИОдогу кызматтагы өзүнүн кесиптик тажрыйбасын бөлүштү, мүмкүнчүлүктөр жана келечектер жөнүндө, ИИМдин түзүмү жөнүндө, насаатчылык жөнүндө, ошондой эле кыргыз милициясынын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхы жөнүндө айтып берди.

 

Тренингдин максаты – келечекте ИИМде иштөө жана ИИМ Академиясына тапшыруу үчүн жогорку класстардын окуучуларынын сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмдөрүн арттыруу, өз алдынчалыкты, лидердик сапаттарды жана баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

 

Тренингдин алкагында шакирттер «гендер» түшүнүгүн жана балдар менен кыздарды тарбиялоонун орун алган стеротиптерин, «мыйзамдын чегинен чыкпоо» жана «мыйзам» түшүнүктөрүн, жекече, социалдык жана саясий укуктарды, стереотиптердин жана ырым-жырымдардын келип чыгышынын механизмдерин жана сабырсыздыктын челип чыгышындагы алардын ролун өздөштүрдү.

 

Мындан тышкары, ОРТ жөнүндө жана ИИМ Академиясына тапшырууга даярдануу канчалык маанилүү экендиги, ошондой эле ага кирүүнүн шарттары жөнүндө жалпы маалымат берилди.

 

Ошентип, «Устат-3» долбоорунун жети пилоттук шаарында өткөн долбоордун шакирттери үчүн экинчи тренинг аяктады. Бардыгы болуп тренингдерге 106 шакирт катышты.