Экс-Президент Р.Отунбаеванын Кытайга визити

February 27, 2016, 06:00

22-23-февралда Кытайдын Шеньжень шаарында «Бир тилкени – бир багытты куруу менен байланыштары түзүү, инновацияларды киргизүү, туруктуу өнүктүрүүнү жүргүзүү» деген эл аралык конференция өттү, ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн жүзгө жакын саясатчылар, окумуштуулар, ой жүгүртүү борборлорунун жетекчилери чогулду.

 

Экс-Президент Р.Отунбаева бир катар спикерлердин катарында Форумда сөз сүйлөдү. Жибек жолу жөнүндө ушул Диалогдо Шеньжень Декларациясы кабыл алынды, ал «Бир тилке – бир багыт» демилгесин көтөрүүдө Кытайдын салымын белгилеп, бардык изилдөө, медиа борборлорун, өкмөттүк эмес уюмдарды, бизнестерди изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, адамдар, жаштар арасында дискуссияларды уюштурууга, «Бир тилке – бир багыт» боюндагы элдердин жана өлкөлөрдүн мыкты өз ара түшүнүшүүсү, урматтоосу жана өз ара аракеттенүүсү үчүн маданий алыш-беришти күчөтүүгө чакырат. Улуу Жибек жолунун рухунун ренессансы, аны иш жүзүндө турмушка ашыруу Декларацияда баса белгиленген, ушул идеялардын чыныгы максаттарын: анын ачыктыгын, өз ара түшүнүшүүнү, бардыгынын ишке тартылышынын ачып көрсөтөт, андан ар бири пайда алат жана бул жерде утулгандар болбойт. Конференциянын жыйынтыгында Жибек жолу боюнча Изилдөө борборлорунун эл аралык ассоциациясы түзүлдү.

 

Кытайдын борбору Бейжинде Форумдун катышуучуларынын тобу Кытай Компартиясынын эл аралык бөлүмүнүн жана Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги менен жолугушту.

 

«Бир тилке – бир багыт» долбоорун иш жүзүндө алга илгерилетүү 15 миллион адамы бар Чунцин шаарында Янцзы дарыясындагы Гуойан жаңы дарыялык портунун мисалында көрсөтүлдү, ал жерден 2011-жылдан тартып темир жол боюнча Кытайдын жана Казакстандын чек арасы (Алашанькоу/Достык) менен Россия, Беларусь, Польша аркылуу өтөт жана акыркы пунктка Германиянын Дуйсбург шаарынна болгону 14 күндө жетет.

 

Р.И.Отунбаева ошондой эле Эл аралык достук байланыштар боюнча Кытай Ассоциациясынын башчысы Ден Жун айым менен, Жибек жолу Эл аралык Маданий Форумунун Башкы катчысы Чжан Синлань менен жолугушту.