«Гений» радио берүүсү: Инклюзвдик билим берүү: кечээ, бүгүн, эртең

February 25, 2016, 06:00

Биринчи Радиодо «Гений» программасында биз билим алуу жагынан өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн билим берүү жана билим берүүдөгү инклюзия маселелерин талкууладык. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөрү чектелген 26 миңден ашык балдар жашайт. Республикада 15 адистешкен мектеп-интернат, 4 күндүзгү мектеп, 15 балдар бакчасы бар. Ошого карабастан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча оор майыптыгы бар 2 миңге жакын бала адистешкен балдар мекемелерине бара албайт. Программада Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун долбоорлор боюнча менеджери Анара Надирбекова жана билим алуу жагынан өзгөчө муктаждыктары бар бала өсүп жаткан үй-бүлө – Дина жана Нурмат Эшалиевдер мейманда болду.