Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Лахордо шаарында ар жылдык төртүнчү Адабий фестивалга катышты.

February 24, 2016, 06:00

Лахор шаарында, Пакистанда ар жылдык төртүнчү адабий фестиваль өтүп, ага Пакистандан, Индиядан, Түштүк Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан жүз миңге жакын адамдар катышкан (фестивалдын расмий сайты – lahorelitfest.kom). Акбардагы могол империясынын султанатынын 12-кылымдагы эски борбору болгон Лахор шаары бүгүнкү күндө да Пкистандын маданий борбору болуп саналуу менен ал жерде жаңы ойлор жаралып, поэзия жана проза, музыка, кино, живопись, архитектура гүлдөп өнүгүп жатат.


Фестивалда бүтүндөй Индия субконтинентинин чыгармачыл интелегенциясы чогулуп, бүгүнкү күндөгү жазуучулар, тарыхчылар, журналисттер, саясатчылар секцияларда эң актуалдуу болгон темаларда чыгып сүйлөштү. Бир нече секциялар Борбордук Азияга арналып, анын ичинде чоң аудиторияда Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти


Р.И. Отунбаева менен бир сааттык интервью-маектешүү өттү. Р.И. Отунбаева ошондой эле Азия регионундагы бүгүнкү геосаясат жөнүндө чоң дискуссияда чыгып сүйлөдү.


Өзбек жазуучусу Хамид Исмаилов өткөргөн Борбордук Азиядагы адабият, оозеки чыгармачылык өзүнчө секцияда өтүп, мындай фестиваль коңшуларыбыз жөнүндө бай маалыматтарды берди жана мамлекеттер ортосундагы айрым оор мамилелерде көпүрө түзүүдө. Субконтинентте өтө кеңири болгон индия актрисасы, ЮНИСЕФдин ак ниет эрк Элчиси Шармила Тагор – улуу Рабиндрат Тагордун небереси бир нече миң адам чогулган аудиторияда бир сааттан ашык чыгып сүйлөп, чогулгандардын өтө жылуу жана ысык мамилесине ээ болду.


LLF in Guardian today: 

http://www.theguardian.com/books/2016/feb/26/lahore-literary-festival-safe-place-dangerous-ideas?CMP=twt_b-gdnreview