ЖМК биз жөнүндө: Бүгүн мектептер арасында кагаз калдыктарын чогултуу боюнча жеңүүчүлөр аныкталат
January 29, 2016, 06:00Экологиялык долбоордун алкагында мектеп окуучулары тарабынан жалпы 14 тонна кагаз калдыктары чогулган.
Мектептер арасында уюштурулган кагаз калдыктарын чогултуу боюнча таймаштын жыйынтыктары 29-январда чыгарылат.
Бишкек мэриясынын алдындагы Билим башкармалыгынын уюштуруусу менен 29-январда мектеп окуучулар арасында экология темасына багытталган бир катар иш чаралар өткөрүлөт. Анда "БИОМ" экологиялык кыймылынын директору Анна Кириленко лекция окуйт. Мындан сырткары мыкты эко-ураан ойлоп тапкандарга белектер ыйгарылат деп билдирет уюштуруучулар.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жаз айында 60 мектепке эко-коробкалар таркатылган. Негизги талап — кагаз калдыктарын чогултуу болуп саналат. Анда жалпы 14 тонна макулатура чогулган.
Экологияга багытталган иш чараларга активдүү катышкан мектептер баалуу белектер менен сыйланышат.
Белгилей кетсек, 2015-жылдан тарта "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду менен Бишкек мэриясына караштуу Билим башкармалыгынын демилгеси менен экологияны коргоого багытталган бир нече долбоорлорду ишке киргизген.