ЖМК биз жөнүндө: Бишкектин № 78 мектебинин окуучулары кытай каллиграфиясы өнөрүн өздөштүрдү
January 24, 2016, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана БМУнун алдындагы Конфуций институту Биринчи Май районунун №78 гимназия мектебинин окуучулары үчүн кытай колдонмо өнөрү боюнча «Кытай жөнүндө көбүрөөк бил!» мастер-классын уюштурду. Бул жөнүндө мэриядан билдиришти.
Көрсөтүлгөндөй, мектепте кытай тилин окуп жаткан 3-4-класстардын окуучулары мастер-класстын катышуучулары болуп калды.
Мастер-класста балдар абдан жука кагаздан кооз оюуларды кесүүгө үйрөндү жана кытай каллиграфиясы өнөрүн өздөштүрдү.
Ошондой эле аларды кытай живописинин негиздери менен, кытай опералык бет каптарынын тарыхы жана алардын мааниси менен тааныштырышты. Ар бир балага өзү үчүн бет капты тартып, алган билимдерин бекемдөө мүмкүнчүлүгү берилди.
Өткөрүлгөн мастер-класс балдардын жалпы таанып-билүүсүн кеңейтүүдө жана кытай маданияты жана тарыхы жөнүндө билимдерди өздөштүрүүдө пайдалуу болду.