2016-жылдын 20-январында табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин алкагында ОшТУнун жана ОшМУнун мектептерине катышкан кыздардын жолугушуусу болуп өттү

January 20, 2016, 06:00

2016-жылдын жылдын 20-январында Ош технологиялык университетинин базасында ОшТУнун жана ОшМУнун эки мектебине катышкан кыздардын жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуу дискуссия түрүндө өткөрүлдү. Жолугушууга ОшМУнун компьютердик сабаттуулук боюнча мектебине катышкан кыздар, физика жана математика боюнча мугалим айымдар жана ОшТУнун мектебине катышкан кыздар, Ош областынын 9-11-класстарынын окуучу кыздары катышты.

 

Жолугушуу учурунда төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

 

• Эмне үчүн бүгүнкү күндө илимге, техникага кызыккан кыздар аз?

• Эмне үчүн окуучуларда математика, физика сыяктуу сабактарга кызыгуу жок?

• Мугалимдин ишине окуучуларга кесиптик багыт берүүнү киргизүү зарылчылыгы барбы?

• Инженердик, технологиялык жана техникалык багыттар жана алардын мааниси?

 

Талкуулоо өтө кызыктуу болду. Окуучу кыздар: «Биз кандай кесиптер бар экенин билген эмеспиз. Биз врач, мугалим, экономист, юрист сыяктуу кесиптер гана бар деп ойлогонбуз. Кышкы мектепте окуу менен, биз алар иш жүзүндө көп экенин билдик», - деп айтышты. Мугалимдер да ушул маселеге көңүл бурушту жана кесип тандоодо окуучуларга жардам көрсөтүү зарылчылыгын белгилешти.

 

Талкуулоо учурунда Ноокат районунун Исанов, Кожоке атындагы орто мектептин окуучусу Эрмаматова Айжамал өз сөзүндө мындай деп айтты: «Күзүндө биздин мугалимдер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ уюштурган компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өттү жана өз сабактарында компьютерди колдоно баштады, анын натыйжасында окуучуларда ушул сабактарга кызыгуу пайда болду. Менин эжем мени компьютерде иштегенди үйрөн, анткени компьютердик технология, программа түзүү менен байланышкан көптөгөн кесиптер бар деп айта баштады».

 

Эске сала кетсек, 2015-жылдын ноябрында жана декабрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен Ноокат жана Кара-Суу райондорунун мектептеринин мугалимдери үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча 24 сааттык курстар өткөрүлгөн.