Нарын мамлекеттик университетинин STEM күндөлүгү: Катышуучу кыздар үчүн «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» КФ менен бирдикте потенциалды арттыруу боюнча тренингдер өткөрүлүп жатат
January 18, 2016, 06:00НМУда STEM кышкы мектебинде катышуучу кыздар үчүн так илимдер боюнча сабактардан тышкары «Прогрессивдүү демилгелер Фонду» КФ менен бирдикте потенциалды арттыруу боюнча тренингдер да өткөрүлүп жатат.
Бул мектептин алкагында бардыгы болуп төмөнкүдөй беш тренинг өткөрүлөт: сын көз менен ой жүгүртүү, финансылык сабаттуулук, чечендик чеберчилик, ишкер этикет жана тайм менеджмент.
Бүгүн кыздар үчүн сын көз менен ой жүгүртүү боюнча тренинг өткөрүлдү, тренингдин алкагында кыздар машыктыруучу менен бирдикте адамдын дараметинин маселелерин, ийгиликтүү өсүштүн, максаттарга жетишүүнүн негизги компоненттерин иштеп чыкты.
Көпчүлүк кыздар мындай тренингдерге биринчи жолу катышып жатат, ошондуктан алар адегенде айбыгып, кысынышты, бирок тренингдин жүрүшүндө алар ачылып, дискуссияларга жигердүү катышып, комментарий берип жана өз мисалдарын келтире баштады.
«Прогрессивдүү демилгелер Фонду» КФдан тренингдер бүткүл жума бою, 2016-жылдын 18-январынан тартып 22-январына чейин өткөрүлөт.