Бишкекте жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн немец тилин үйрөнүү менен табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болуп өтөт

January 18, 2016, 06:00


ПРЕСС РЕЛИЗ

 

2016-жылдын 26-январында Бишкек шаарында И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында жаңы конуштардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн немец тилин үйрөнүү менен табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болот

 

Кышкы мектеп И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен бирдикте «Айымдар илимде жана техникада» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

 

Бишкек шаарындагы табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби Кыргызстандын 5 регионунда өтүп жаткан кышкы мектептердин уландысы болмокчу.

 

Бишкекте STEM кышкы мектеби 9 күнгө, 2016-жылдын 26-январынан тартып 5-февралына чейин созулат. Кышкы мектепти өткөрүүнүн жүрүшүндө кыздарга математиканы, компьютердик сабаттуулукту жана немец тилин окутат. Жогоруда аталган сабактардан тышкары Кыргыз-Герман Техникалык институтунун багыттары боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Сабактарды ошол тилде сүйлөгөн адамдар, И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучулары өткөрөт. Белгилеп кетүү керек, Кыргыз-Герман Техникалык институтунун кыргыз студенттер, Германиядагы, Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн, ошондой эле Кыргызстандагы немец студенттер үчүн жайкы мектептерди өткөрүү жагынан зор (10 жылдык) тажрыйбасы бар, алардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын белгилүү ишканаларына барат, табигый-техникалык сабактарды жана немец тилин окуйт. Бул мектептерди уюштуруучулар болуп Кыргыз-Герман Техникалык институту, ДААД, Берлиндеги Бойта техникалык институту, Кельн Техникалык институту саналат.

 

2016-жылдын 26-январында табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин расмий ачылышынын учурунда Кыргыз Республикасында STEM (S-science (илим); T-technology (технологиялар); E-engineering (инженерия); M-math (математика)) багытын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө презентация болуп өтөт. STEM жагынан кыз-келиндерге билим берүү кедейликти, өлүмгө учуроону азайтууга мүмкүндүк берет, ошондой эле айымдарга эркектер менен катар маанилүү техникалык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт, булар өз кезегинде Кыргызстанга өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет. STEM жагынан билим берүү – бул билимдүү айым – билимдүү балдар – билимдүү, өнүккөн мамлекет.

 

Мектепке борбор шаардын жаңы конуштарынан тандалган 15 окуучу кыз катышат.

 

Эске сала кетели, 11-январдан тартып тартып Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептери өтүп жатат.

 

Табигый-техникалык сабактардын мектебинин максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болуп саналат, бул аларды ЖОЖдорго техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт.