Ош шаарында «Устат-3» долбоорунун насаатчылары билимдерин өз шакирттерине берип жатат

January 18, 2016, 06:00

«Устат-3» долбоорунун насаатчылары: Ош областынын ИИБ ПППСтин кадрлар боюнча улук инспектору, Ош областы боюнча Милиционер айымдардын ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, милициянын капитаны Жазгуль Кудайбердиева, Ош областынын ИИБинин улук оперуполномоченныйы, милициянын п/полковниги Наргиза Шамшиева жана Ош шарынын Ак-Бура ИИБ ИДН участкалык инспектору Алтынай Исахунова шакирттер үчүн бир нече иш-чараларды өткөрдү.

 

Ички иштер органдарынын иши менен таанышуу үчүн Ош областынын ИИБинде экскурсия уюштурулду, ал жерде шакирттер үчүн музей, ошондой эле курман болгон кызматкерлердин мемориал эстеликтери көрсөтүлдү.

 

Мындан тышкары, Ош областынын ИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Омошев Алымжан Омошевич менен жолугушуу өткөрүлдү, ал шакирттерге ички иштер органдарынын иши жөнүндө айтып берди.

 

Ошондой эле шакирттер Ош областынын ИИБинин плацында болду, насаатчыларды иши менен түздөн-түз таанышты.

 

Натыйжа оң, шакирттер ИИОнун ишине дагы көбүрөөк кызыгып, КР ИИМ Академиясына сөзсүз түрдө тапшыруу ниетин билдирди.

 

Мындан ары иш-чаралар планында рейддерге катышуу, ошондой эле жашы жете электерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборуна экскурсия белгиленген.