Табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин биринчи жумасы аяктады

January 17, 2016, 06:00

Кыргызстандын 5 регионунда табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин биринчи жумасы аяктады.

 

Бардык мектептерде сабактар ырааттамага ылайык өткөрүлдү. Жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн мектеп башталаар алдында билим деңгээлин билүү жана мектептин аягында натыйжаларды салыштыруу үчүн ар бир окутуучу тест өткөрдү.

 

Алсак, ТалМУда, физика мугалими буларды айтты: «Мен биринчи эле күнү кыздарды тесттен өткөрдүм, тесттерде тапшырмалардын жооптору болгон жок, бул алардын болжолдоп жооп бергендиги жөнүндө айтып турат. Бир жуманын ичинде кандайдыр-бир натыйжага жетиштим деп ойлойм. Дээрлик бардыгы жөнөкөй тапшырмаларды аткарууну үйрөндү. Айрым окуучу кыздар сабактарда техникалык каражаттарды көрбөгөнүн, эксперименттерди жүргүзбөгөнүн айтты. Алар эксперименттерге кубануу жана кызыгуу менен катышып, ошондой эле өздөрү эксперименттерди жүргүзө баштады.

 

Алар эксперименттин жардамы менен: маятниктин кыймылынын мезгили аларга байланыштуу болгон ички энергиянын, чоңдуктун өзгөрүшүнүн жолдорун, Архимед күчүн аныктай алышты. Ушундай сабактардан кийин аларда физикага кызыгуу пайда болот деп ойлойм».

 

Ошондой эле өз региондорунда мектептерди уюштуруу үчүн бардык жооптуу адамдар кыздарда техникалык адистиктерге кызыгуу улам көбүрөөк пайда болуп жатканын көрсөттү, анткени сабак учурунда катышуучу кыздар эксперименттерди жана лабораториялык иштерди жүргүзөт, ал эми мугалимдер сабак өтүүнүн интерактивдүү методдорун колдонот.

 

Мектептин катышуучуларынын бири мектепке катышуусун мындайча комментарийледи: «Мен бир жуманын ичинде көп нерселерди үйрөндүм, көп нерселерди кайталадым. Мен ушул мектепке катышуу үчүн келгениме өкүнбөйм. Сабактар өтө кызыктуу өтүп жатат, ошондуктан убакыт кандай өткөнү билинбей калууда. Мен ушундай мектептер тез-тез өтүп турса деп тилейт элем».

 

Эске сала кетсек, 11-январдан тартып Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептери өтүп жатат. Мындан тышкары, Баткенде жана Ошто кыз-келиндер үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча курстар өткөрүлүп жатат.

 

Табигый-техникалык сабактардын мектебинин максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болуп саналат, бул аларды ЖОЖдорго техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт. Мугалим айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча мектеп алардын компьютер жана интерактивдүү доска менен иштөө жөндөмдөрүн арттырат, мугалимдер аларды өзүнүн окутуучулук ишинде колдоно алат.

 

Кышкы мектептер 2016-жылдын 22-январында бардык 5 региондо аяктайт.