STEM күндөлүгү: Ош Технологиялык Университети

January 15, 2016, 06:00

Ош Технологиялык Университетинин базасында табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби өз ишин баштады. Калган бардык мектептердегидей эле, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен 11-январда башталды.

 

Соңку жылдары бардык айылдык мектептерде окуучулар негизинен медициналык, экономикалык жана юридикалык факультеттерге тапшырууну каалагандыктан, бул кышкы мектеп аларга коомубуздун өнүгүшүндө техникалык адистиктердин кыйла мааниге ээ экендигин билүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Жогорку класстардын 30 окуучу кызы күн сайын, 8:30дан 17:00гө чейин, дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин математика, физика, химия, кыргыз тили жана англис тили сыяктуу сабактарды окуйт. Сабактарды Ош шаарынын өнөрлүү балдар үчүн У.Салиева атындагы мектеп-интернатынын мугалимдери өтөт.

 

Катышуучулар, Дыйканова Бибинура жана Бердибек кызы Чолпонай мектепке катышууга төмөнкүдөй комментарий берди:

 

Дыйканова Бибинура, Ноокат районундагы орто мектептин 11-классынын окуучусу: «Мага кышкы мектеп, өзгөчө мугалимдердин сабак өтүү ыкмалары абдан жагат. Биз бул жерде өтүп жаткан сабактар мектептеги сабактардан айырмаланып турат. Курстун негизги максаты кыздарга техникалык илимдерге багыт берүү болуп саналгандыктан, бизде көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Биз өтпөй калгандарды өтүп жатабыз, билбегендерибизди билип алабыз, өнүгүп жатабыз жана ушулардын бардыгы ЖОЖго тапшыруу учурунда абдан керек болот.

 

Мага математика, англис, кыргыз тилдери сыяктуу сабактар бөтөнчө жакты. Бизге сабактар кызыктуу жана пайдалуу, анткени жеткиликтүү түшүндүрүшөт».

 

Бердибек кызы Чолпонай, Баткен районунун 11-классынын окуучусу: Мага химия, алгебра боюнча сабактар өзгөчө жакты, анткени окутуу ыкмасы жөнөкөй жана түшүнүктүү, окутуу акысыз жана тажрыйбалуу мугалимдер сабак берет, ошондой эле ЖОЖго тапшырууга даярдоо үчүн мыкты шарттар түзүлгөн.