STEM күндөлүгү: Талас Мамлекеттик Университети

January 14, 2016, 06:00

Талас мамлекеттик университетинин базасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында биринчи жолу табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби ачылды.

 

Кышкы мектептин негизги максаты:

1. келечекте техникалык жана инженердик адистиктерге, ошондой эле так илимдер: математика, физика, химия, информатика боюнча ЖОЖдорго тапшыруу үчүн даярдоо;

2. 9-10-класстардын кыздарынын табигый-илимий сабактарга кызыгуусун пайда кылуу жана аларды маалыматтык технологияларга окутуу;

3. катышуучу кыздардын техникалык жана инженердик адистиктерге, табигый-илимий сабактарга кызыгуусун пайда кылуу үчүн заманбап технологияларды практикада колдоно билүү.

 

2016-жылдын 11-январында ТалМУда кышкы мектеп ачылды. Мектеп ачылган күнү ректор А.Ш. Упенов куттуктоо менен сөз сүйлөдү, мектептин негизги милдеттери жана максаттары менен тааныштырды. Өз сөзүндө ал Талас областындагы ОРТнын натыйжасынын төмөндүгү, өзгөчө соңку жылдарда айыл жерлеринде төмөндүгү жөнүндө, ошондой эле так илимдер боюнча адистиктерге бюджеттик орундарга киши толбой жаткандыгы жөнүндө белгиледи. Ошондуктан ушул программанын алкагында мектептен тышкаркы программада так илимдерге даярдоо боюнча сабактар талап кылынат.

 

Мектепке ТалМУнун тажрыйбалуу окутуучулары тандап алынды:

• математика боюнча - педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент Стамалиева К.А.,

окутуучу Боруева С.Ш.;

• химия боюнча – химия кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин кандидаты, доцент Жусупова К.А.;

• физика боюнча –ОСПОнун табигый сабактар секциясынын башчысы, улук окутуучу Сатаева Л. А.;

• тарых боюнча – тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жусупова М.М..;

• кыргыз тили боюнча - кыргыз тили жана адабият кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айталиева Т. К.;

• биология боюнча – биология кафедрасынын улук окутуучусу Кайнаева Ж.А.;

• информатика боюнча – информатика кафедрасынын башчысы, улук окутуучу Батырбеков Д.А.

 

Бардык сабактар иштелип чыккан календардык пландарга ылайык ырааттама боюнча жүргүзүлөт. Ар бир сабактын башталышында ар бир окутуучу бардык предметтер боюнча тесттерди өткөргөн.

 

ТалМУнун кышкы мектебин өткөрүүнүн үчүнчү күнү жөнүндө кыскача.

 

Алгачкы күндөрү биздин мектептин окуучу кыздары тартынып жүрүштү, бирок үчүнчү күнү алар өздөрүн өз мектебинде жүргөндөй сезип калды.

 

Математика сабагында логикалык тапшырмаларга зор көңүл бурулду. Математиканын турмуштагы ролун көрсөтүп, мугалим айрым математикалык түшүнүктөрдү аныктоого алып келүүчү мисалдарды келтирди.

 

Биология сабагында 11-класста кызуу талкуу жүрдү. Айрым окуучу кыздар өзүнүн айтканын факт менен далилдеп, окутуучу менен талашып-тартышты. Улук окутуучу Жазгүл окуучу кыздардын версиясын угуп, алар али тааныш болбогон бир нече фактыларды келтирди.

 

Окуучу кыздардын сабактарга мындай мамилеси бизди абдан кубандырды, анткени бул алардын табигый илимдерге кызыгуусун көрсөтүп турат.

 

Химия сабагын доцент К.А. Жусупова ар бир окуучу кызга жекече ыкманы пайдалануу менен өткөрдү. Анын башкы максаты окуучу кыздарды кызыктыруу, химиянын турмуштагы ордун жана ролун көрсөтүү болду.

 

Физика боюнча, тарых боюнча, математика боюнча, англис тили боюнча, информатика боюнча сабактар да кызыктуу өткөрүлдү.

 

Түш мезгилинде окуучу кыздар теннис ойноду.