Нарын мамлекеттик университетинин STEM күндөлүгү. Видео

January 14, 2016, 06:00

11-январда Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын кышкы мектептеринин ачылышы болуп өттү.

 

Табигый-техникалык сабактардын мектебинин максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болуп саналат, бул аларды техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт.

 

Бул иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча өткөрүлүп жатат.

 

Бүгүн биз сиздерге Нарын мамлекеттик университетинин STEM видео-күндөлүгүн көрүүнү сунуш кылабыз.