STEM күндөлүгү: Нарын Мамлекеттик Университети

January 14, 2016, 06:00

2016-жылдын январында табигый-техникалык сабактар (STEM) боюнча кышкы мектептер ачылды, анын ичинде Нарын мамлекеттик университетинде ачылды. Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) базасында «Прогрессивдүү демилгелер фонду» коомдук фонду менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында биринчи жолу кышкы мектептин ачылышы болуп өттү.

 

Кышкы мектептин максаты – кыздарды техникалык адистиктерге тартуу, так илимдер: математика, физика, химия, информатика, ошондой эле англис тили боюнча ЖОЖдорго тапшырууга даярдоо.

 

НМУда кышкы мектептин ачылышында агрардык-техникалык факультеттин (АТФ) деканы презентация менен сөз сүйлөдү. Презентациялоодо ал факультеттин студенттеринин контингентине жана кыздарга көңүл бурду. АТФнын деканынын айтымына караганда, НМУнун агрардык-техникалык факультетинде кыздар факультеттин студенттеринин контингентинин жалпы санынын 21%ын түзөт, бул кышкы мектептин максатынын актуалдуулугун түшүндүрөт. Ошондой эле ал соңку 3 жылдагы так илимдер боюнча ОРТнын натыйжалары жөнүндө фактыны белгиледи, ал так илимдер боюнча мектептен тышкаркы программа боюнча кошумча сабактарды талап кылат.

 

ОшМУдагы кышкы мектептин сунуштамаларын эске алуу менен, Нарында класстар боюнча 2 топ түзүлдү: 11-класс үчүн жана 10-класс үчүн 25тен кыз. Ошондой эле кышкы мектепке каттоо учурунда айыл жеринен келген кыздарга өзгөчө көңүл бурулду.

 

Окутуучулар катары НМУнун илимий даражасы бар төмөнкүдөй тажрыйбалуу окутуучулары тандап алынды:

• физика боюнча - Чекирова Г.К., агрардык-техникалык факультеттин деканы, педагогикалык илимдердин кандидаты;

• химия боюнча - Турдалиев И.К., табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, химия илимдердин кандидаты;

• математика боюнча - Ашыров Э.Т., маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы;

• информатика боюнча - Бекежанов М.М., маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти, педагогикалык илимдердин кандидаты;

• англис тили боюнча - Айдаралиева А.С., роман-герман тилдери кафедрасынын доценти, педагогикалык илимдердин кандидаты.

 

Бардык сабактар иштелип чыккан календардык планга ылайык өткөрүлөт. Кышкы мектептин башталышында сабактар боюнча билим деңгээлин аныктоо жагынан бардык сабактар боюнча тест өткөрүлгөн, ал окутуучулар үчүн андан аркы план болуп саналат, башкача айтканда, окутуучулар окуучулар кыйналган темаларга көңүл бурат. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасын аныктоо үчүн кышкы мектептин аягында да тестирлөөнү, ошондой эле окутуучулар өткөн сабактарга, кышкы мектептин өзүнүн уюштурулушуна окуучулардын канааттануусун аныктоо үчүн анкеталоону жүргүзүү жана мектептин андан аркы ишине сунуштамаларды берүү пландаштырылууда.